Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 6
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын 2022-2025–жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кетмен- Дөбө айыл аймагынын 2022-2025 –жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү туруктуу комиссиялардын протоколдук чечимдерин угуп Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-2025 –жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасы жактырылсын.(тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиялардын төрагаларына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |
Социалдык экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы
Кетмен – Дөбө айыл аймагы, Токтогул району
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
Өнүгүүнүн багыты: 1. Курулуш тармагы | |||||||
Максаты: Айыл аймакта инфраструктураны жакшыртуу, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин ынгайлаштыруу | |||||||
1. | Милдет:Айыл аймагына курулуш тармагы менен иш алып бара турган жеке секторлор жана мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин иштерине айыл аймагы тарабынан тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Индикатор: Айыл аймагындагы курулуштардын архитектуралык жаны стилдеги курулуштардын пайда болушу | 1. 1. Жер тилкелерин тиешелүүлүгүнө жараша бөлүнүп берилет. 2. 2.Өздүк салымдарды чогултууга уюштуруп берет.
| 2021-2024ж
| Курулуш тармагында заманбап курулуштун үлгүлөрү, жаны архитектуралык конструкциялар пайда болот. Айыл аймагынын инфрастурктурасы жакшырат, кооз курулуштар менен инфрастурктура калктын жакшы, ынгайлуу жашоосуна шарт түзүлөт | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет, жеке секторлор жана демөөрчүлөр, донорлор | Айыл аймагынын калкы Терек – Суу, Чон – Арык айылдары боюнча 8121адам анын ичинен 4198 эркек 3923 аял, 2355 адам жаштарды түзөт 1261 кожолук | Айыл өкмөтү, Жеке секторлор, айыл аймагынын калкы |
2. | Милдет: Чон - Арык айылында 300 орундуу клубдун курулушуна көмөктөшүү, уюштуруу Индикатор: Чон - Арык айылында 300 орундуу клубда маданий-массалык иш-чаралар ынгайлуу, типтүү имаратта уюштурулуп өткөрүлүп турат.
| Айыл өкмөт тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилет. Айылдык кеңешинин сессиясында өздүк салымга акча каражаты бөлүнүп берүү боюнча сунушталат, тендерге жарыяланат жана тиешелүү документтери ( АПУ, ИТУ) айыл өкмөт тарабынан ишке ашырылат. 3. 2.2. Мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын порталына долбоор даярдалат 4. | 2021-2024 | Чон - Арык айылына 300 орундуу клуб салынат. Айылдагы 1837 эркек жана 1686 аялдардын анын ичинен 1021 жаштардын элинин маданиятынын жогорулашына элдик таланттардын чыгышына шарт түзүлөт, каклтын руханий байлыгы өсөт. | Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы, элдик өздүк салымы Жалпы бюджети 23млн. | Чон - Арык айылынын 3523 эли, 1837 эркек жана 1686 аялдардын анын ичинен 1021 жаштар 584 кожолугу
| Айыл өкмөтү, маданият кызматкерлери |
3. | Милдет: Жаны Арык айылына жаӊы ФАПтын курулушуна көмөктөшүү, уюштуруу Индикатор: 216 эркек 237 аялга жана 174 жаш балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт жана медциналык жабдуулар менен камсыздалат, жылуулук системасы коюлат. | Айыл өкмөт тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилет. Айылдык кеңешинин сессиясында өздүк салымга акча каражаты бөлүнүп берүү боюнча сунушталат, тендерге жарыяланат жана тиешелүү документтери ( АПУ, ИТУ) айыл өкмөт тарабынан ишке ашырылат.
| 2021 - 2023-ж | Жаны Арык айылынын калкынын ден соолугуна кам көрүлөт. Калкты медицина -лык тейлөө жагы жакшырылып, оорулуларга убагында тез, ынгайлуу жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Калктын ден-соолугу чындалат. | Жергиликтүү бюджет, калктын өздүк салымы, донорлор, кайрымдуулук фонддору, жалпы бюджети 5млн | Жаны Арык айылынын 627 эли, 86 кожолугу
| Айыл өкмөтү, атайын эсеп фонддору, айыл калкы |
4. | Милдет: Терек - Суу айылындагы Турусбек мектебинин эски корпусунун ордуна 300 орундуу жаны мектептин курулушун уюштуруу Индикатор: 300орундуу жаны типтүү 1 этаж мектеп курулат. | Айылдык кеңештин сессиясында өздүк салымга акча каражаты бөлүнүп берүү боюнча сунушталат, тендерге жарыяланат жана тиешелүү документтери ( АПУ, ИТУ) айыл өкмөт тарабынан ишке ашырылат | 2021-2024 | Турусбек мектебинин окуучулары жана мугалимдери жаны типтүү кенен, шарты бар класстарда билимин улантышат. Турусбек мектебинин 4 класска чейинки 379 окуучу анын ичинен 181 эркек балдар жана 191 кыздардын билим денгээли өсөт | Республикалык, жергиликтүү бюджет, аптайын эсеп фонддору, донорлор жалпы 50 млн | Терек - Суу айылынын 4598 анын ичинен 2237 аялдар 2361 эркектер, 696 кожолук. Жалпы 952 окуучу, анын ичинен 498 эркек балдар, 454 кыздар, 61 мугалим, анын ичинен 11 эркектер, 50 аялдар, 17 техперсоналдар кызматкери | Айыл өкмөтү, |
6. | Милдет: Чон – Арык айылына балдар бакчасын курууга көмөктөшүү, уюштуруу Индикатор: 100 орундуу балдар бакчасы курулат. 100 бала тарбияланат. 16 жумушчу орун түзүлөт.
| Айыл өкмөт тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилет. Айылдык кеңешинин сессиясында өздүк салымга акча каражаты бөлүнүп берүү боюнча сунушталат, тендерге жарыяланат жана тиешелүү документтери ( АПУ, ИТУ) айыл өкмөт тарабынан ишке ашырылат | 2022-2024 | Чон – Арык айылында балдар бакчасынын курулушу менен мектепке чейинки 288 балдардын анын ичинен 138 кыздар жана 150 эркек балдар мектепке даярдыгы жогорулайт, балдардын ан-сезими, акылы, тарбиясы жакшырат. | Республикалык, жергиликтүү бюджет, атайын эсеп фонддору, донорлор | Чон - Арык айылынын 3523 эли, 1837 эркек жана 1686 аялдардын анын ичинен 1021 жаштар 584 кожолугу
| Айыл өкмөтү, |
Өнүгүүнүн багыты: 2. Дыйканчылык, багбанчылык, сугат суу | |||||||
Максат: Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо, которуштуруп айдоо, дыйкандарга шарт түзүү, агротехникалык иштер боюнча консультацияларды уюштуруу | |||||||
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Милдет: Кетмен - Дөбө айыл аймагынын негизги каналдарын механикалык тазалоо, ремонттоо.
Индикатор: Жаны -Арык, Чон-Арык, Сары – булак, Беш -Тал каналдарында 2-2,5 куб сугат сууларынын көп өлчөмдө келиши, дыйкандардын сууга болгон керектөөсүн женилдетет | Жаны-Арык, Чон-Арык, Сары - Булак, Беш - тал каналдары механикалык тазалоодон өткөрүлүп, ремонттолот.
| 2022-2024 | Айыл аймагында түзүлгөн 62 дыйкан чарбасынын мүчөлөрү сугат суу менен камсыз болушат. Сугат суу коромжусуз келет. Кургакчылыкты алдын алат. Түшүм жогорулайт
| Жергиликтүү бюджет, дыйкандар, донордук уюмдар, СПА
| Терек - Суу, Чон – Арык, Беш – Тал Жаны Арык айылынын дыйкандары, 850 дыйкан жана 6 жеке чарбалар, 1 кооператив | Айыл өкмөтү, СПА, коомчулук |
2. | Милдет: айыл аймагындагы насостук станциянын жабдууларын жанылоого жана М-1 каналынын жээгин көтөрүү менен суунун көлөмүн көбөйтүү боюнча райондук суу чарба башкармалыгы менен иш алып баруу Индикатор: М-1 насостук станциясынын насосу кубаттуу болуп мурдакыдан көп аянттар суу менен камсыздалат | Айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Токтогул райондук суу чарба башкармалыгы жана Токтогул районунун атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин насостук станцияларынын кубаттуулугу жогорулатуу үчүн жабдуулар сатылып алынат. Насостору алмашылат, трубалар алмашат, гидранттар алмашат, М-1 каналынын жээги 3 куб сууга бата тургандай көтөрүлөт
| 2022-2024 | М-1 насостук станцияларынын кубаттуулугу жогорулайт, суунун көлөмү жогорулат. 32 дыйкан чарбанын дыйкандарына суугат суусу жетиштүү болот. | Республикалык бюджеттен жана Токтогул районунун атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемеси | Дыйкандар | Суу чарба башкармалыгы |
Өнүгүү багыты : 3. Мал чарбасы | |||||||
Максаты: Малдын асыл тукум породаларын өстүрүү, көбөйтүү | |||||||
1. | Милдети : Мал чарбасын ар тараптан өнүктүрүү | Мал чарбасын өнүктүрүүнүн жаңы стандарттары жөнүндө кошумча билимдерди берүү. Породалуу уйларды дары чөптөр менен дарылоо усулу менен сүттүн өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүүгө таасир кылуучу тоюттарды жана тоюттук кошулмаларды колдонуу үчүн окууларды уюштуруу; | 2021-2024 | Малдын асыл-тукум породалары пайда болот. Сандан сапатка өтөт. Өндүрүмдүүлүгү 2-3 эсеге жогорулайт, элдин экономикасы 2-3 эсеге өсөт | Жергиликтүү бюджет, жеке сектор | 32 фермердик чарба, анын ичинен 4 аялдар иштеген фермер- дик чарба Айыл аймагынын калкы Терек – Суу, Чон – Арык Кырк – Казык, Жаны – Арык айылдары боюнча 8121адам анын ичинен 3923 аялдар 4198 эркек, 1260 кожолук |
|
2 | Мал чарбасын ар тараптан өнүктүрүү | Уйлардын жасалма куут пункттарын уюштуруу. | 2022 | Этти жана сүттү көп берген уйлардын төлүн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Натыйжада элдин экономикасы жогорулайт | Жергиликтүү бюджет 100 000 сом, жеке сектор | 8121адам анын ичинен 3923 аялдар 4198 эркек, 1260 кожолук | АЙыл өкмөтү жеке сектор |
Өнүгүү багыты: 4. Таза суу | |||||||
Максат: Айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыздоо | |||||||
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Милдет: Терек – Суу жана Чон – Арык айылдарын таза суу менен камсыздоого көмөктөшүү, уюштуруу Индикатор: Таза суу системасы курулат. Айыл ичиндеги суу түтүктөрү ондолот.. | Айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик таза суу чыгаруу программасына, өнүктүрүү, Кытай грантына Терек – Суу жана Чон – Арык айылынын таза суу менен камсыз болушуна тиешелүү каттарды, , элдик өздүк салымдардын топтолушун уюштуруу Инвесторлорду тартуу | 2022-2024 жылдар | Жалпы 1260 кожолук ичүүчү таза суу менен камсыз болушат Элдин ден соолугуна, гигиенасына кам көрүлөт. Аялдарга ынгайлуу шарт түзүлөт.
| Жергиликтүү, республикалык бюджет, Кытай гранты 60 млн. ПСДлар даяр. | Терек – Суу жана Чон – Арык айылынын 8121 адамы анын ичинен 4198 эркек, 3923 аял анын ичинен аярлуу топтогу 364 кожолук, ден соолугунун мүмкунчүлгү чектелген 308 адам | Айыл өкмөтү, “Таза аймак муниципалдык ишканасы |
Өнүгүүнүн багыты: 5. Социалдык тармак |
| ||||||
Максат: Айыл аймакта социалдык коргоо жана калктын аярлуу катмарын колдоо кызматын жакшыртуу | |||||||
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Милдет: Калктын аярлуу катмарына жана жакырчылыкты кыскартуу багытта кызмат көрсөтүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү менен даректүү жардамдарды берүү Индикатор: Жакырчылыктын деңгээли азыркысы 31,12% 2022-жылга 29,2% 2023-жылга 27% 2024-жылга 25% азайтуу | Калктын аярлуу катмарынын базасын түзүү, соцпаспортторду толтуруу, жанылоо жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү. ДМЧА жарандардын үй-бүлөсүнүн жашоо шартын жакшыртууда аларга айыл өкмөт тарабынан жана жогорку тараптан келген материалдык жардамдарды өз убагында жеткирип жана айлдык АДК менен кызматташууда аларга мед жардам көрсөтүү | 2021-2024 | Айыл өкмөтү калктын аярлуу катмары менен иштөөгө жакшы шарттар түзүлөт, иштешүүгө ынгайлуу болот. Аярлуу катмарда жашаган 364 кожолуктун саны азаят жана жашоо шарты онолот 308 ДМЧА жарандардын үй-бүлөсүнүн жашоо шартын жакшыртууда алардын саламаттыгы жакшырып ар тараптуу жардам көрсөтүлүп жана муктаждыгы жоюлат. | Жергиликтүү бюджеттин соц.камсыздоого бөлүнгөн каражаттары, демөөрчүлөр, ООН азык түлүк-программасы | 380 кожолук өтө-жакыр элдин саны 2081 адам жэ жалпы элдин санынын 30,1%, 65 кожолук жакыр элдин саны 615 адам жэ жалпы элдин санынын 5,2%,, орто жакыр 55 кожолук жакыр элдин саны 504 адам жэ жалпы элдин санынын 4,4%, Жакырдан жогорку денгээлде жашаган 760 кожолук, жалпы элдин саны 4921 адам жэ 60,3 % 1топтогу майыптар – 23, 2 топтогу майып 83 3 топтогу майып 10, бала кезинен майыптар 65 адам | Айыл өкмөтү, соц.кызматкер лер, АДК
|
Өнүгүү багыты: 6. Маданият тармагы | |||||||
Максат: Элдин маданият жагынан денгээлин көтөрүү, ыӊгайлуу шарттарды түзүп берүү | |||||||
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Милдет: Айыл аймагынын элинин маданиятын көтөрүү боюнча маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө клубдун ишин уюштуруу менен шарттарды түзүү Индикатор: Комуз, аккардеон, вокал кружогунан 3 кружок уюшулат. Маданий-массалык иш-чаралар байма-бай өтүп турат | Чон – Арык айылында жаны 300 орундуу клубдун курулушун бүткөрүү менен маданий борбордо элдик таланттарды өстүрүү, комуз кружогун, аккордеон кружогун, вокал кружогун уюштуруу. Музыкалык аспаптарды сатып алуу. Терек – Суу айылындагы клуб ремонттолот | 2022-2024 | Чон - Арык айылында жаны 300 орундуу клубдун курулушу бүткөрүлөт. Маданий борбор пайда болот, элдик таланттарды эл арасынан өсүп чыгат, комуз кружогу, аккардеон кружогу, вокал кружогу болуп 3-4 кружок уюштурулат. Музыкалык аспаптарды сатып алынат. Терек – Суу айылындагы клуб ремонттолот | Жергиликтүү бюджет, Токтогул атайын эсеп Республикалык бюджет, демөөрчүлөр | Чон - Арык айылынын 3523 эли, 1837 эркек жана 1686 аялдардын анын ичинен 1021 жаштар 584 кожолугу
| Айыл өкмөтү, Айыл башчылар маданий кызматкерлер |
Өнүгүү багыты: 7. Транспорт, жарыктандыруу жана тазалык | |||||||
Максаты: Айылдын инфраструктурасын жакшыртуу | |||||||
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Милдет: Айыл аймагындагы айылдарда калктын башка айылдар менен байланышын камсыздоо, жакшыртуу максатында транспорт каражаттарын уюштуруу жана транспорт жүрүүчү жолдордун абалын ондоо Индикатор: Терек – Суу, Чон – Арык – Токтогул авто каттамынын акысы 100сомдон 60 сомго түшөт. Жайыттарга баруучу 15км жол салынат. | Терек – Суу, Чоң – Арык -Токтогул маршруттук каттамы уюштурулат. Айылдын ички жолдоруна кум - шагыл төшөлөт. Жайыттарга баруучу жолдор салынат. | 2021-2024 | Терек – Суу, Чоң – Арык Токтогул каттамы үчүн жүргүнчү ташуучу микроавтобус каттайт. Каттамдын тарифи такси каттамынан эки эсе арзандатылып калкка экономикалык жактан таасири болот. Жайлоого баруучу жолдор 15 км жол салынат | Жергиликтүү бюджеттен муниципладык жолдорду ондоо. Жеке секторлордун өздүк каражаты менен жеке микроавтобус тарды алуу | Айыл аймагынын 8121 адамы анын ичинен 4198 эркек, 3923 аял Аярлуу топтогу 364 кожолук, ден соолугунун мүмкунчүлгү чектелген 308 адам | Айыл өкмөтү, Таза аймак муниципалдык ишканасы, жайыт комитети
|
3. | Милдети: Айыл аймагында тазалыкты сактоо, таштандыларды таштоону иретке келтирүү, тазалык муниципалдык ишканасын жандандыруу Индикатор: Терек – Суу жана Чон – Арык айылдарынын ортосунда 1таштанды таштоочу полигон курулат. 1 атайын техника, 1самосвал алынат. 5жумушчу орун түзүлөт. | “Таза аймак муници -палдык ишкананын иши жанданат. Айылдарда таштанды таштоочу полигондор курулат. Калк арасында таштынды таштоолор тарифтериштелип чыгып айыл кенеш аркылуу бекитилет. Муниципалдык ишканага атайын техникалар сатылып алынат. | 2021-2024 | Айылдарда таштанды таштоонун эрежеси жолго коюлат. Санитардык-гигиеналык абалы жакшырат. Таштанды чыгаруучу кызмат ишке кирип жумуш орундары түзүлөт. Жергиликтүү бюджет натыйжалуу пайдаланышы жолго коюлат. | Жергиликтүү бюджет, муниципалдык ишкананын чарбалык-эсептик бюджети, тарифтер, | Айыл аймагынын 8121 адамы анын ичинен 4198 эркек, 3923 аял Аярлуу топтогу 364 кожолук, ден соолугунун мүмкунчүлгү чектелген 308 адам | Айыл өкмөтү, тазалык муниципалдык ишканасы |
Өнүгүүнүн багыты 8. Спорт жана туризм | |||||||
Максат: Туризмди өнүктүрүү жана жаштар арасында спортту өнүктүрүү | |||||||
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Милдет: Айылдардагы мини-футбол аянтчаларына жаштарды көбүрөөк тартуу, мелдештерди өткөрүү, аялдар арасында дагы мини-футбол уюштуруу менен аялдарды спортко тартуу. Ошол эле мини-футбол аянтчаларында фитнести өркүндөтүү, машыктыруучуларды тартуу
| Айыл өкмөт тарабынан ар бир айылга мини-футбол мелдештерин уюштурулат, фитнес тармагы өркүндөтүлүп машыктыруучулар ишке тартылат.
| 2021-2024 | Жаштардын ден-соолугу чындалат, бангизат, кылмыштуулук азаят, жалкоолук жоголот. Спорт жана фитнес менен алектенген 200 аялдардын саламаттыгы, сергек жашоо, аялдарды активдүу жашоого тарбияланат. 4-машыктыруучулар иш орду менен камсыздалат. | Жергиликтүү бюджет, жаштар арасындагы фонддор, демөөрчүлөр | Айыл аймагынын 8121 адамы анын ичинен 4198 эркек, 3923 аял Аярлуу топтогу 364 кожолук, ден соолугунун мүмкунчүлгү чектелген 308 адам | Айыл өкмөтү, жаштар комитети, аялдар комитети
|
2. | Милдет: Ат оюндарын, көк бөрү оюнун өркүндөтүү Индикатор: Жаштардын ат оюндарына кызыгуусу, асыл-тукум аттар, көнүлдүү эс алуу | Көк бөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп турат. | 2021-2024 | Ат оюндары, көк бөрү оюну өркүндөтүлүп жаштардын сергек жашоосуна, улуттук оюндардын өнүгүшүнө шарт болот. Аттын асыл тукум породалары алынып келинет. Элдин бош убактысы көнүлдүү өтөт | Жергиликтүү бюджет, жаштар арасындагы фонддор, демөөрчүлөр | Айыл аймагынын 8121 адамы анын ичинен 4198 эркек, 3923 аял Аярлуу топтогу 364 кожолук, ден соолугунун мүмкунчүлгү чектелген 308 адам | Айыл өкмөтү, жаштар комитети, көк бөрүчүлөр коому |
3 | Милдети Туризм тармагын өнүктүрүү Индикатор: Жаштардын ат оюндарына кызыгуусу, асыл-тукум аттар, көнүлдүү эс алуу
| Коргол музейин женил ондоодон өткөрүлөт. -жайлоолордо боз үйлөрдү тигип, кымыз, курут көргөзмөлөрү уюштурулат -ат менен саякаттоону уюштуруу | 2021-2024-жылдар | Музейге келген туристтер аркылуу айылдын тарыхы чагылдырылып көрсөтүлөт, жайлоого чыккандардын үй-бүлөлүк киреше булагы 3-4 эсе көбөйөт | Жергиликтүү бюджет, жеке сектор | А.Суеркулов музейи, жайлоого чыккан 320 адам анын ичинен 144 аял | Айыл өкмөтү |
Өнүгүүнүн багыты 9. Билим берүү | |||||||
Максаты: Билим денгээлин жана сапатын жогорулатуу | |||||||
№ | Милдеттер | Иш чара /Аракеттер | Ишке ашыруу убактысы | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Бюджет | Бенефициарлар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Милдети: Билим берүү мекемелеринде, мектепке чейинки билим “Кызгалдак” балдар бакчасында билим берүү. Мекемелеринде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, тарбия иштерин жүргүзүү Индикатор: Квартал сайын окуучулар олимпиадаларга катышат
| “Кызгалдак” балдар бакчасында 40 балага анын ичинен 17 эркек бала жана 23 кыздарга билим берүүнү өрчүтүү Кылмыштуулуктун жана зордук зомбулуктун алдын алуу максатында “Турусбек” жана “Коргол” мектептеринде, айылдык китепканаларда, “Кызгалдак” балдар бакчасында “Ынтымактуу жашоо”, “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз”, “Терроризм дүйнө коркунучу” темасында жана “Дин бүгүнкү күндө” деген тема боюнча окуучуларга түшүндүрүү максатында чогулуш -тарды, тегерек столдорду ѳткѳрүү | 2021-2024 | Окуучулардын билим денгээли өсөт. Окуучулардын арасында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун саны кыскарат. Окуучулар жогорку окуу жайлардан билим алып, билимдүү, аң-сезимдүү болушат | Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар | Айыл аймагынын 8121 адамы анын ичинен 4198 эркек, 3923 аял Аярлуу топтогу 364 кожолук, ден соолугунун мүмкунчүлгү чектелген 308 адам | Айыл ѳкмѳтү, билим берүү мекемелери, айылдык китепканачыларбала - бакчанын кызматкерлери |
Өнүгүүнүн багыты 10. Саламаттык сактоо тармагы багыты | |||||||
Максаты: Айыл аймагынын калкынын саламаттыгын сактоо | |||||||
| Милдети: Жугуштуу оорулардын алдын-алуу боюнча вакциналарды саюу. Калктын ден соолугуна кам кѳрүү Индикатор: Жалпы 8121калктын анын ичинен 3923 аялдардын Бруцеллез, эхинококкоз, туберкулез ооруларына каршы 100% КОВИД-19 оорусуна каршы 70% вакцинацияланышы | Айыл аймагында жугуштуу оорулар болгон бруцеллёз, туберкулёз, эхинококкоз ооруларына 100% жана КОВИД 19 оорусу боюнча калктын 70% эмдөө алышы боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2021-2024 | Бруцеллез, эхинококкоз, туберкулез оорулары азаят, КОВИД оорусу жок болот, калктын ден соолугу жакшырат | Жергиликтүү бюджет | Айыл аймагынын 8121 адамы анын ичинен 4198 эркек, 3923 аял Аярлуу топтогу 364 кожолук, ден соолугунун мүмкүнчүлгү чектелген 308 адам | Саламаттык сактоо мекемеси, айыл ѳкмѳтү |