Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 7
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын 2022-жыл ичинде аткарылуучу иш аракеттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кетмен- Дөбө айыл аймагынын 2022 –жыл ичинде аткарылуучу иш аракеттерин бекитүү жөнүндөгү туруктуу комиссиялардын протоколдук чечимдерин угуп Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичинде аткарылуучу иш аракет планы жактырылсын.(тиркеме тиркелет)
2. 2022-жыл ичинде аткарылуучу иш аракет планынын аткарылышы боюнча өз учурунда так маалыматтар тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагаларына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиялардын төрагаларына тапшырылсын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |
БЕКИТЕМИН
Токтогул райондук мамлекеттик
администрация башчысы-аким
_____________________А.Тюкебаев
“_____”______________2021-жыл
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылда аткарыла турган
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Каражат булагы | Керектөө суммасы (млн сом) | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | Күтүүлүчү натыйжа |
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыздоо аркылуу туруктулукка жетишүү | ||||||
1 | Салык базасын кеңейтүү менен айыл өкмөттүн финансылык өз алдынчалыгын жогорулатуу 13%га чейин өстүрүүгө жетишүү | Киреше салыктарын жогорулатуу жана айдоо жерлерди тактоо менен киреше салыкты 15 % көтөрүү |
| Жылдын жыйынтыгы менен | Салык инспекторлору, жер адистер, айыл башчылар | 2021-жылда жергиликтүү бюджеттин киреше салыгы 11 айга 5269,3 миң сомго аткарылган. 2022-жылга 6059,7 миң сомго бекитилди былтыркы салыштырмалуу 790,4 мин сомго ашык аткарылат. |
2. Калкка кызмат көрсөтүү | ||||||
2 | “Калкка кызмат көрсөтүү борборунун” толук кандуу ишке киргизилиши. Калкты тейлөөдөгү орундуктар, ар бир адистин тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндөгү маалыматтардын илинүүсү |
|
| Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | Калкка кызмат көрсөтүү борборунда баардык тиешелүү адистердин кабыл алуусу ишке ашат, калкты тейлөө жакшырат жана убакыт сарамжалдуу пайдаланылат. |
3 | Элдик жыйындарды өткөрүү, калктын суроо талаптарын угуп, калкты тейлөөнү жакшыртуу |
|
| Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | Терек-Суу айылында 1, Чоң-арык айылында 1, Кырк-Казык айылында 1, Жаңы-Арык конушунда 1 ар бир квартал сайын санитардык аралыкты сактоо менен элдик жыйындар өткөрүлөт. Калкка кызмат көрсөтүлүүчү кызматтар ачык -айкындуулукка жетишет. Элдин көйгөйлөрү чечилет |
Санарип аймак | ||||||
4 | “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик-трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу, “E-kyzmat”, “Санарип аймак”, “Инфодокс” тутумдары менен үзгүлтүксүз иш алып баруу, “Электорондук башкаруу” жөнүндө мыйзамды аткарууга алуу. “Жол картасын” белгиленген мөөнөттө аткарып маалыматтарды өз учурунда жөнөтүү |
|
| 2021-2023-жылга чейин | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | Калкты электрондук тейлөө, маалыматтардын такталышы. Кагаз менен иштөөдөгү сарамжалдуулук, убакыттын үнөмдөлүшү жарандардын убаракерчилигинин жоюлушу. |
Коррупцияга каршы иш аракеттер | ||||||
5 | КР 2012-жылдын 8-августундагы №153 Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамын жана КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 642 токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде иш алып баруу. |
|
| Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | Муниципалдык кызматта жогорку этикалык ченемдерди бекитүү жана ак ниеттүүлүктү камсыз кылуу жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү. |
Аткаруучулук тартип | ||||||
6 | КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтомунун типтүү нускамасынын негизинде иш алып баруу, иш кагаздарын жүгүртүү боюнча аткаруучулук тартиптин жөнгө салынышы. |
|
| Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | Иш кагаздары менен иштөөдөгү бирдей талаптарды жөнгө салган принциптердин жана эрежелердин аткарылышы жакшырат. |
3. Айыл чарба | ||||||
| Мөмө жемиш бактарынын аянтын көбөйтүү | Жергиликтүү бюджет | 0,3 | Жыл ичинде | Жер адис | Асылдуулугу төмөн жана пайдаланылбай жаткан жайыт жерлердин категориясын көп жылдык бак категориясына которуп ушул тармак боюнча иш алып барган жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга ижарага берүү. |
10 | Органикалык айыл чарба продукцияларын өндургөн жер аянттарын көбөйтүү |
|
| Апрель-июль | Жер адис, айыл башчылар, дыйкан чарба жетекчилери | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулайт, органикалык жактан таза продукциялар өндүрүлөт |
11 | Пайдаланылбай жаткан кайрак жана жайыт жерлердин аянтын кыскартуу |
|
| Жыл ичинде | Өкмөт башчы, жер адис, айыл башчылар | 100 га кайрак жерлердин жана асылдуулугу төмөн 500 га жайыт жерлердин категориясын көп жылдык бак категориясына которуп айыл чарба кооперативдерине, жеке ишкерлерге ижарага берилет |
12 | Дыйкандарды мамлекеттик дотациянын негизинде сапаттуу үрөөңдөр менен камсыздоо |
|
| Март-май | Жер адис | Токтогул райондук АӨБнын адистери менен биргеликте Чүй областындагы Үрөөнчүлүк чарбалардан сапаттуу жана мамлекеттик дотациянын негизинде берилген үрөөңдөр менен айыл аймактын дыйкандарын камсыздоо боюнча иш алып баруу. |
14 | Тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууну көбөйтүү |
|
| Март-октябрь | Жер адис | Айыл аймгында бош жаткан кайрак жерлерге тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен пайдланылбай калган жерлердин аянтын азайтуу, райондун аймагында уюштурулган окуу семинарларга дыйкандар менен биргеликте катышып туруу |
| Мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу | Ждерг. бюджет | 0,1 | Жыл ичинде | Вет адис | Жасалма куут пунктарын ачуу жана керектелүүчү жабдыктарды сатып алуу |
4. Ирригация тармагы | ||||||
19 | Айыл аймактагы негизги каналдарды механикалык тазалоо, ремонттоо | Жергиликтүү бюджет, Атайын эсеп | 0,05
2,0 | Жыл ичинде | Жер адис, айыл башчы | Беш-Тал, Кырк-Казык, Сары-Булак каналынан оңдоп тузөөдөн өткөрүлөт. Айдоо жерлерге суу жеткиликтүүлүгү жакшырат |
21 | Терек-Суу айылынындагы М1 каналынын башынан Терек-Суу айылына чейинки аралыгын жээгин көтөрүү | Атайын эсеп, | 10,0
| Жыл ичинде | Тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте | 379,1га кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери, 571,6 га юридикалык жерлер, 283,9 га өздөштүрүлгөн жерлер жалпы 1234,6 га жер толук кандуу суу менен камсыздалат жана кошумча 275 га жер аянты өздөштүрүлүп айдоо жери жок жарандарга колдонууга берилет. |
5. Инфраструктура | ||||||
24 | Ички жолдорго кум шагыл төгүү, тегиздөө, оңдоо | Жергиликтүү бюджет | 0,03 | Май-август | Айыл башчылар | Ички жолдор кеңейтилип тегизделет, автоунаалардын жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт |
26 | Кырк-Казык участкасындагы ФАПтын айланасын тосуу, жарыктандыруу. | Жергиликтүү бюджет | 0,1 | Жыл ичинде | Айыл башчы | Мекеменин 650 м айланасы тосулат, туруктуулугу сакталат, кызматкерлерге жакшы шарт түзүлөт |
27 | Терек-Суу, Чоң-Арык айылдарындагы көчөлөргө койулган түнкү жарыктандыруучу прожекторлорду бузулган жерлерин оңдоп түзөө иштерине | Жергиликтүү бюджет | 0,1 | Апрель-июнь | Айыл башчы жана тиешелүү адистер | Айыл тургундарына түнкүсүн көчөдө жүрүүдө ыңгайлуу шарт түзүлөт. |
28 | Чөн-Арык- Сары-Булак-Жаңы-Арык жолуна кум шагыл төгүп оңдоо | Жергиликтүү бюджет, жайыт комитети | 0,02
0,05 | Жыл ичинде | Айыл башчы, жайыт комитети | Жаңы-Арык конушунда 37, Сары-Булак участкасында 11 кожолуктун Чоң-Арык айылына каттоосуна жакшы шарт түзүлөт |
29 | Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык, Жаңы-Арык айылдарындагы жайыт жерлерди калктуу конуш категориясына, Терек-Суу айылынын айланасында жайыт жерлерди өнөр жай категориясына которуу | Жергиликтүү бюджет | 1,0 | Жыл ичинде | Өкмөт башчы, жер адис, | Терек-Суу айылына караштуу Кырк-Жигит участкасынан 51,9 га, Уй-Сарай уч. 6,59 га, Кырк-Казык уч. 13,89га, Жаңы-Арык уч. 19,12 га жер аянтын калктуу конуш категориясына которуп (трансформациялап) болжолдуу 700 жер тилкеси айыл тургундарына бөлүнүп берилет, Терек-Суу айылынын күн чыгыш тарабынан 26,8 га жайыт жер өнөр жай категориясына которулуп жер сурап кайрылган жеке ишкерлерге керектөөсүнө жараша ижарага берилет. |
6. Калкты таза суу менен камсыздоо | ||||||
30 | Таза суу түтүктөрүнүн жарылган, бузулган жерлерин оңдоо | Жергиликтүү бюджет | 0,03 | Жыл ичинде | “Таза-аймак” ишканасы, айыл башчылар | Терек-Суу айылындагы 564 кожолукту жана Чоң-Арык айылындагы 475 кожолукту ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. |
31 | Терек-Суу, Чоң-Арык айылдарындагы таза суу түтүктөрүн алмаштырууга смета проектисин түзүү | Респ.бюджет | 1,643 | Жыл ичинде | Таза-аймак ишканасы, айыл башчылар | Терек-Суу, Чоң-Арык айылдарынын жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыздалат. |
7. Туризм | ||||||
32 | Коргол Досу уулунун музейине келген туристтерди сапаттуу тейлөөнү жакшыртуу | Жергиликтүү бюджет | 0,05 | Ар дайым | Музей жетекчиси | Туристтердин келүүсү көбөйөт |
33 | Туристтерди кызыктыруучу аймактарды (жайлоолордогу табигый кичи көлдөрдү, кооз жерлерди) интернет барактарына жүктөө менен туристтерди тартуу | Жергиликтүү бюджет | 0,01 | Ар дайым | Жаштар комитети, айыл башчы, жайыт комитети | Туристтик артаны түзүү менен туристтердин келүүсүн көбөйөтүү, жергиликтүү элге кошумча киреше түшүүсүн уюштуруу |
8. Билим берүү тармагы | ||||||
| Курама уулу Турусбек орто мектебине башталгыч класстырынын окуучуларына кошумча корпус курууга АПУ,ИТУ даярдоо | Жергиликтүү бюджет | 0,07 | Жыл ичинде | Мектеп кызматкерлери, айыл башчы | 300 орундуу башталгыч класстын окуучуларынын билим алуусуна жакшы шарт түзүлөт. |
34 | Жаңы-Арык участкасындагы курулуп жаткан мектептин курулушун улантуу | Атайын. эсеп | 0,25 | Жыл ичинде | Айыл башчы | 9 жылдык, 120 окуучуга билим берүү боюнча шарт түзүлөт.
|
35 | Чоң-Арык айылына балдар бакчасын курууга АПУ, ИТУларын даярдоо | Жергиликтүү бюджет | 0,07 | Жыл ичинде | Өкмөт башчы, айыл башчы | 100 орундуу балдар бакчасы курулуп, балдардын мектепке чейинки билим алуусуна жакшы шарттар түзүлөт. |
36 |
|
|
|
|
|
|
9. Саламаттыкты сактоо тармагы | ||||||
37 | Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында АДКлар менен биргеликте тематикалык окууларды өткөрүү |
|
| Ар дайым. | Соц. адис, айыл башчылар. Медицина кызматкерлери | Жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында АДКлар менен биргеликте Терек-Суу, Чоң-Арык айылындарында кварталына 1 жолудан окуулар өткөрүлөт. |
| Жаңы-Арык айылына ФАП куруу | Жергиликтүү бюджет | 0,05 | Жыл ичинде | Өкмөт башчы | ФАПтын курулушуна АПУ,ИТУларын даярдоо |
10. Маданият жана спорт тармагы | ||||||
38 | Чоң-Арык айылына күрөш залын куруу | Атайын эсеп, Жергиликтүү бюджет | 2,0 0,6 | Жыл ичинде | Айыл башчылар | Жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарт түзүлөт |
39 | Терек-Суу айылындагы спорт комплексинин айланасын тосуу, өрт коопсуздугун алдын алууга суу топтоочу гидрант куруу. | Атайын фонд | 0,7 | 1-2-квартал | Айыл башчы, тиешелүү адистер | 300 миң сомго спорт коплекстин айланасы тосулат. 400 мин сомго өрткө каршы суу топтоочу гидрант курулат. |
| Улуттук оюндарды уюштуруу | Жерг. бюджет | 0,05 | Жыл ичинде | Айыл башчы, тиешелүү адистер | Көк бөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп турат |
11. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экологиялык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо | ||||||
41 | Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү уюштуруу | Элден чогулган акча | 0,06 | 15 күндө бир жолу | Таза-Аймак муниципалдык ишканасы. | Терек-Суу айылындагы 564 жана Чоң-Арык айылында 475 кожолуктун турмуш тиричилик калдыктары ташылып турат. |
42 | Өрт коопсуздугу боюнча алдын ала иштерди жүргүзүү, керектелүүчү шаймандарды алуу | Жергиликтүү бюджет | 0,05 | Жыл ичинде | Тиешелүү адистер | Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында айыл өкмөтүнө караштуу мекемелерге өрт өчүрүүчү шаймандарды сатылып алынат. |
43 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, даярдык көрүү, кесепеттерин жоюу. | Жергиликтүү бюджет | 0,2 | Жыл ичинде | Тиешелүү адистер | Айыл аймактын чегинде өзгөчө кырдаалды алдын алууга, өзгөчө кырдаал болгон учурда кесепеттерин жоюу иштерине |
12. Калкты социалдык жактан коргоо | ||||||
45 | Кетмен-Дөбө айыл аймагында жашаган тоголок жетим балдарга жардам берүү, Балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын жана зордук зомбулуктан сактоо боюнча иш алып баруу | Жергиликтүү бюджет | 0,005 | Жыл ичинде | Соц адис, айыл башчылар | 7 тоголок жетим балдардын депозиттик счетуна акча каражатын которуу, Балдардын укуктары жана кызыкчылыктары корголот, жашы жете элек балдарга карата зордук зомбулуктун алдын алуу иш чаралары ар кварталда бирден Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарында өткөрүлөт. |
46 | 1-июнь “Балдарды коргоо күнүнө”карата Тоголок жан жарым жетим балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштурууга | Жергиликтүү бюджет | 0,012
0,016 | Ар дайым | Соц адис, соц кызматкерлер | Балдарды коргоо күнүнө карата ар-кандай оюунзоок иш чаралары уюштурулат, Тоголок жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 4 бала Өйүш-Булак эс алуу жайына жиберилет. |
47 | “Карылар күнүнө”карата | Жергиликтүү бюджет | 0,040 | Ар дайым | Соц адис, соц кызматкерлер | 70 жаштан жогору 130 Карыларга кам көрүлөт |
48 | Аз камсыз болгон жардамга муктаж үй бүлөлөрдү аныктоо, жөлөк пул алууга көмөктөшүү, Документтери жок адамдарга документ алып берүү, жардамга муктаж үй бүлөлөрдү колдоо | Жергиликтүү бюджет | 0,056 | Ар дайым | Соц адис, соц кызматкерлер | Багар көрөрү жок кары картаңдарга көмүр алып берүүгө 40,0 мин сом, учотто турган оорулуларга 16,5 миң сом, 191 майыптардын муктаждыктарына жараша 20,0 миң сом акча каражатын бөлүп берип колдоо көрсөтүү |
49 | “Темир мал” фондусу боюнча иш алып баруу. Чоң-Арык 25 эчки, Терек-Суу 45 эчки бар. Кезекте турган кийинки жакыр үй бүлөөгө өткөрүп берилет. |
| 70 эчки | Октябрь, ноябрь | Соц адис, айыл башчылар | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдун жакырчылыктан чыгуусуна шарт түзулөт. Жыл сайын кезекте турган аз камсыз болгон 14 үй-бүлөгө өткөрүлүп берилет. |
50 | Улуу Ата -Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата орук ардагерлерин, Афган согушунун катышуучуларын сыйлоо | Жергиликтүү бюджет | 0,016 | 9-май 15-февраль | Соц адис, айыл башчылар | УАМСтын орук ардагерлеринин 3 жесирине, Афган 1, Баткен 2 согушунун катышуучуларына көңүл буруу |
51 | Айыл аймагында мекемелерде, коомдук уюмдарда (жаштар кенеши, аксакалдар кенеши, аксакалдар соту) гендердик балансты сактоо боюнча иш алып баруу |
|
| Ар дайым. | Мекеме жетекчилери, а\ө жооптуу катчы | Айыл аймагында гендердик саясатты жакшыртуунун негизинде иштер жүргүзүлөт |
| Жугуштуу оорулардын алдын-алуу боюнча иш чараларды уюштуруу |
|
| Жыл ичинде | Оорукана жетекчиси, соц. адис, айыл башчылар | КОВИД 19 оорусу боюнча калктын 70 % жана башка жугуштуу ооруларга каршы эмдөө алуу боюнча иш алып баруу |
13. Дин коопсуздугу | ||||||
52 | “Диний экстремизм, терроризмге каршы аракеттер” деген темада чогулуштарды, мектептерде тарбиялык сааттарды өткөрүү | Жергиликтүү бюджет | 0,010 | Квартал сайын | Жаштар комитети, айыл башчылар, имамдар, мекеме жетекчилери | Өлкөбүздүн туруктуулугун, бейпилдигин сактоо. Турусбек, Коргол мектептеринде жана мечит, намазканаларда ар кварталда бир жолудан |
14. Кара куурайга каршы иш аракеттер | ||||||
53 | Айыл аймактын чегинде өскөн жапайы кара куурайлардын аянтын азайтуу боюнча иш алып баруу, бюджеттен акча каражын бөлүү, жумушчу бригадаларды уюштуруу. | Жергиликтүү бюджет | 0,010 | Июнь, июль | Айыл башчылар, ПОМ кызматкерлери | Айыл башчылар, ПОМ кызматкерлери жана түзүлгөн жумушчу бригадалар менен биргеликте Барчын участкасында 10га жер аянтына өскөн жапайы кара куурайдын аянты кыскартылат. Аткарылган иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар Токтогул РМАга жөнөтүлөт. |
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: | А.Алишеров |