Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 8
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.06.2021-ж Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.11.2021-жыл № 264 -Токтомун жетекчиликке жана аткарууга алуу менен 2022-жылга карата Кетмен- Дөбө айыл аймагынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлеринин штаттык бирдиги “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1,3 –беренелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.11.2021-жыл №264-Токтомун жетекчиликке жана аткарууга алуу менен бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн өзгөчө тартип менен кабыл алынган калктуу конуштарга жана айылдарга дайындалган айыл башчылар кыскартылып, социалдык экономикалык өнүгүү программасын аткарууда иш милдеттеринин туура бөлүштүрүлүшү ,иштеп жаткан калган аппарат кызматкерлеринин аткаруучулук тартиптери жана жоопкерчиликтерин кароо,бир иш милдетине 2 ден отурган кызматкерлердин иш орундарын кароо айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиялардын төрагаларына тапшырылсын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |