Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу “№12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин каалга жана терезелерин алмаштыруу” долбоордук сунуштарын колдоо жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү жумушчу топтун жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. “№12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин каалга жана терезелерин алмаштыруу” долбоору жактырылсын
2. Долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү 687 000 (алты жүз сексен жети мин) сом ,терезелерин алмаштырууга 125 000 (жүз жыйырма беш миң) сом ,каалгаларын алмаштырууга жалпы 812 000(сегиз жүз он эки миң) сом болуп бекитилсигн жана 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жана демилгелөөчү жумушчу топко жүктөлсүн.Алар өз ишинде Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы жетекчиликке алышсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |