Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 10
Кетмен- Дөбө айыл аймагындагы мамлекеттин карамагындагы жайыт жерлерди калктуу конуш категориясына которуу боюнча
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарынын жана турак жай салууга жер сурап кайрылган арыз ээлерин турак жай тилкеси менен камсыздоого мамлекеттин карамагында турган жайыт жерлерди калктуу конуш категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча жер адис Токтоболот уулу Медеткандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Кырк-Жигит участкасынан 51,9 га, Уй-Сарай участкасынан 6,59 га, Кырк-Казык участкасынан 13,89 га.Жаңы-Арык участкасынан 19,12 га жалпы 91,5 га мамлекеттин карамагында турган жайыт жерлерди калктуу конуш категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарынын жана турак жай салууга жер сурап кайрылган арыз ээлерин турак жай тилкеси менен камсыздоого мамлекеттин карамагында турган жайыт жерлерди калктуу конуш категориясына которуу (трансформациялоо) иштерине керектелүүчү акча каражаты өз учурунда жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Алишеровго,акча каржатын бөлүп берүү бюджет комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |