Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 13
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кетмен- Дөбө айылдык кенешинин айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставынын IV главасынын 31 пунктунун негизинде үзурлүү эмек жолун эске алуу менен моралдык сыйлоо чараларын көрүү максатында айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1.”Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын,айыл аймагынын тургундарынын сунуштары бекитилсин.
2.Айыл аймагынын тургуну Аматбеков Жунуска ”Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |