Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 52
Айдоочу жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу Сөгөт айылынын айыл башчысы Т.Жанарбеков Сөгөт айылынан Кара-Арча айылына окуучуларды ташуучу авто унаанын айдоочусуна айлык маяна төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына караштуу Сөгөт айылынын айыл башчысы Т.Жанарбеков Сөгөт айылынан Кара-Арча айылына окуучуларды ташуучу авто унаанын айдоочусуна айлык маяна төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Сөгөт айылынан Кара-Арча айылына окуучуларды ташуучу авто унаанын айдоочусуна 2022-жылдын январь айынан баштап айлык маяна төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |