Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 51
Сөгөт айылынын айыл башчысы Т.Жанарбековдун кайрылуусу жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу Сөгөт айылынын айыл башчысы Т.Жанарбеков Сөгөт айылынан Кара-Арча айылына окуучуларды ташуучу авто унаага 4 кышкы дөнгөлөк алып берүүнү суранып жазган кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына караштуу Сөгөт айылынын айыл башчысы Т.Жанарбеков Сөгөт айылынан Кара-Арча айылына окуучуларды ташуучу авто унаага 4 кышкы дөнгөлөк алып берүүнү суранып жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Окуучуларды ташуучу авто унаанын коопсуздугу үчүн 195 R14C жана 225/70R 15C өлчөмүндөгү 2 даанадан 4 даана кышкы дөнгөлөк алынып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |