Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 50
О.Ш.Давлеталиев жөнүндө
Покровка айылынын тургуну О.Ш.Давлеталиев жашоо шарты оор болуп, азыркы күндө үйүндө отун-көмүр, азык-түлүк жок болгондугуна байланыштуу материалдык жардамга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын тургуну О.Ш.Давлеталиев жашоо шарты оор болуп, азыркы күндө үйүндө отун-көмүр, азык-түлүк жок болгондугуна байланыштуу материалдык жардамга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын тургуну Давлеталиев Орозкул Шариппаевичге материалдык жардам катары 20 000сомго азык-түлүк алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен мамлекеттик сатып алуулар порталына берүүгө уруксат берилсин.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |