Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 48
А.Р.Абдрахманов жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Ж.Арыкбаеванын бир тууган иниси А.Р.Абдрахманов биринчи топтогу майып башынан оор жаракат алып, денесинин оң жак тарабы иштебей калгандыгына байланыштуу дары-дармекке муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын тургуну Ж.Арыкбаеванын бир тууган иниси А.Р.Абдрахманов биринчи топтогу майып, башынан оор жаракат алып, денесинин оң жак тарабы иштебей калгандыгына байланыштуу дары-дармекке муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын тургуну Ж.Арыкбаеванын бир тууган иниси А.Р.Абдрахмановдун дарылануусу үчүн материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |