Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 47
М.Д.Джекшемалиев жөнүндө
Покровка айылынын тургуну М.Д.Джекшемалиевдин жеңил курулуштагы сулуулук салонун ачып калкка кызмат кылуу үчүн контейнер орнотууга жер тилкесин ижарага алуу жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын тургуну М.Д.Джекшемалиевдин жеңил курулуштагы сулуулук салонун ачып калкка кызмат кылуу үчүн контейнер орнотууга жер тилкесин ижарага алуу жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүндөгү Покровка орто мектебинин түштүк тарабынын жол жак бетиндеги бош жаткан 30-м.кв жер аянтын жеңилдетилген типтеги курулма орнотууга убактылуу мөөнөт менен ижара акысы 1 жылга 6000 (алты миң) сом бекитилип берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |