Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 46
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жааматтар күнүн” майрамдоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жааматтар күнүн” 2021-жылдын октябрь айынын акыркы жекшемби күнү майрамдоо жөнүндөгү Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жааматтар күнүн” 2021-жылдын октябрь айынын акыркы жекшемби күнү майрамдоо жөнүндөгү Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жааматтар күнүнө карата маданий иш чара уюштуруу жана өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 105 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |