Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 45
Покровка айылынын борбор көчөлөрүнө брусчатка төшөөгө кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Покровка айылынын борбор көчөлөрүнө брусчатка төшөөгө кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгу А.Осмонбекованын 2020-жылы январь айында мамлекеттик сатып алуулар проталынан жеңип чыгып, бүгүнкү күндө баалар кымбаттап кеткендигине байланыштуу кошумча акча каражатын сурагандыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш карап чыгып, талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын борбор көчөлөрүнө брусчатка төшөөгө кошумча акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү Покровка айылынын жеке ишкери А.Д.Осмонбекованын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын борбор көчөлөрүнө брусчатка төшөөгө кошумча акча каражат 500 000сом мамлекеттик сатып алуулар порталына берүүгө уруксат берилсин.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |