Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 44
Покровка орто мектебинин аймагын тосууга кошумча акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Покровка орто мектебинин аймагын тосуу боюнча Покровка айылынын жеке ишкери Алымбек уулу Мэлис 2020-жылы 28-декабрында мамлекеттик сатып алуулар проталынан жеңип чыгып, бүгүнкү күндө баалар кымбаттап кеткендигине байланыштуу кошумча акча каражатын сурагандыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш карап чыгып, талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка орто мектебинин аймагын тосууга кошумча акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү Покровка айылынын жеке ишкери Алымбек уулу Мэлистин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка орто мектебинин аймагын тосууга кошумча акча каражат 300 000сом жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |