Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 43
Спорт оюндары жөнүндө
Жыл сайын окуучулар арасында өтүлүүчү спорт атаандаштык үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, жаш спортчуларды колдоо максатында айылдык кеңештин төрагасы Т.У.Джапаркуловдун сунушун айылдык кеңеш угуп, талкуулап
токтом кылат:
1. Жыл сайын окуучулар арасында өтүлүүчү спорт атаандаштык үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, жаш спортчуларды колдоо максатында айылдык кеңештин төрагасы Т.У.Джапаркуловдун сунушу колдоого алынсын.
2. Спорт оюндарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |