Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 42
Балдар аянтчасын куруу жөнүндө
Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургуну Э.Токоеванын “Афган-интернационалист жоокерлеринин” сейил багына “Балдар аянтчасын” куруу боюнча кайрылуусун айылдык кеңеш карап чыгып, талкуулап
токтом кылат:
1. Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургуну Э.Токоеванын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын Р.Жолдошов көчөсүндө жайгашкан “Афган-интернационалист жоокерлеринин” сейил багынын ичинен 2000м.кв. жер тилкесине “Балдар аянтчасын” куруп, убактылуу иштетүү үчүн 5-жылга ижарага берилсин.
3. Келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Б.Дүйшөбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана муниципиалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы Э.Т. Курманбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |