Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 41
Г.А.Макулбекова жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Г.А.Макулбекова жалгыз бой эне, жашоо шарты оор болуп, азыркы күндө ооруп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардамга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын тургуну Г.А.Макулбекова жалгыз бой эне, жашоо шарты оор болуп, азыркы күндө ооруп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардамга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын тургуну Макулбекова Гульзахира Анарбековнага жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |