Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 40
Кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жөнүндөгү Покровка айыл өкмөтүнүн депутаты А.Б.Жалиловдун ооз эки сунушун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жөнүндөгү Покровка айыл өкмөтүнүн депутаты А.Б.Жалиловдун ооз эки сунушу канааттандырылсын.
2. Покровка айыл аймагына караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) анын ичинен; 58,3га –сугат жер, 105га –кайракы, жалпысы-163,3га жер аянты ижарага берүү боюнча аукционго Талас турмушу гезитине жарыяга берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |