Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 39
МТЗ-82 тракторун күрөөгө коюу боюнча
Покровка айыл өкмөтүнүн балансында турган 2018-жылы чыгарылган көк түстөгү “Беларус МТЗ-82.1” 07KG636CA номер белгиси менен тракторду, Өзбек Республикасынан келген “Давр” сортундагы күздүк буудай үрөнүн алган дыйкандардын кредиттик келишимин камсыздоо максатында күрөөгө коюу боюнча Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн балансында турган 2018-жылы чыгарылган көк түстөгү “Беларус МТЗ-82.1” 07KG636CA номер белгиси менен тракторду, Өзбек Республикасынан келген “Давр” сортундагы күздүк буудай үрөнүн алган дыйкандардын кредиттик келишимин камсыздоо максатында күрөөгө коюу боюнча Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. “Беларус МТЗ-82.1” 07KG636CA номер белгиси менен тракторду күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |