Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 24
Шагыл төшөө жөнүндө
Покровка айыл аймагынын айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө боюнча Покровка айылдык кеңешинин депутаты Г.Э.Сакабекованын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагынын айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө боюнча Покровка айылдык кеңешинин депутаты Г.Э.Сакабекованын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айыл аймагына караштуу: Покровка, Бала-Саруу, Жайылган, Кара-Арча, Сөгөт айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүп, абалын жакшыртуу максатында 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Айылдардын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө төмөндөгүдөй кезекте бекитилсин:
1-кезекте Покровка, 2-Бала-Саруу, 3-Жайылган, 4-Кара-Арча жана Сөгөт айылдарына кезеги менен шагыл төгүлсүн.
4. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |