Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-декабры № 1
“Ижарага теректерди алып жүргөн А.Мусаевдин кайрылуусу жөнүндө”.
Акназаров айылдык Кенешинин 32-чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылдын 1-декабрындагы кезексиз 3-сессиясы Маданият айылынын тургуну А.Мусаевдин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын жараны А.Мусаевдин ижарага берилген теректердин жетилген теректерин суюлтуп кесүүгө макулдук берилсин.
2. А.Мусаев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесип , суюлтууга макулдук суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн .
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |