Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-декабры № 2
Алтынкыз-Токтобу атындагы балдар бакчасынын территориясына кошумча корпус курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө .
Акназаров айылдык Кенешинин 32-чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылдын 1-декабрындагы кезексиз 3-сессиясы Алтынкыз-Токтобу атындагы балдар бакчасынын башчысы Г.Батырбашиевадан Маданият айылында жайгашкан Алтынкыз-Токтобу атындагы балдар бакчасынын территориясына кошумча корпус курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү суранган кайрылуусун карап чыгып ,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтынкыз-Токтобу атындагы балдар бакчасынын территориясында кошумча корпус куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Маданият айылында жайгашкан Алтынкыз-Токтобу атындагы балдар бакчасынын территориясына кошумча корпус курууга жер аянтын мыйзамдуу тактап бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчик комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | К.Жорготаев |