Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-январы № 2
Жердин категориясын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын алтынчы сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагындагы жайыт, үлүш жерлерге мыйзамсыз салынган курулуштардын категориясын курулуш багытына өзгөртүү жана жер тилкесинин аянтын белгилөө жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1 тескемесинин негизинде жана жашоочулардын жер укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү көйгөйлөрүн чечүү максатында Миң-Булак айылынын № 573 контурдагы 0,13 га № 490 контурдагы 0,13 га № 137 контурдагы 0,13 га № 9 контурдагы 0,13 га № 2 контурдагы 0,13га № 392 контурдагы 0,13 № 39 контурдагы 0,13 га жер участокторуна болгон менчик укуктарын мамлекет тарабынан таануу жана бекемдөө максатында айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан калктуу жер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Жумакеевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |