Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-сентябры № 12
Долоно Сервис ишканасынын жетекчисин шайлоо жана
иш бөлүштүрүү жөнүндө
Долоно Сервис ишканасынын жетекчисин шайлоо жана иш бөлүштүрүү боюнча карап талкуулап чыгып, Долоно айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно Сервис ишканасынын мурдагы жетекчиси Израилов Таалайбек Азимбаевич ээлеген кызматынан бошотулсун.
2. Ээлеген кызматынан бошотулган Израилов Таалайбек Азимбаевич тиешелүү иш кагаздарды тактап, толугу менен өткөрүп берсин.
3. Израилов Таалайбек Азимбаевич, Ак –Жар айылындагы Бейшембиев Мадылбек айдап жүргөн Lovol-304 тракторунун ураган жерлерин оңдоп-түздөп өткөрүп берсин.
4. Долоно Сервис ишканасынын жаңы жетекчиси болуп Эсенаманов Арзымат Абайбекович бекитилсин.
5. Долоно Сервис ишканасына тиешелүү техникаларды Эсенаманов Арзымат Абайбекович Израилов Таалайбек Азимбаевичтен тиешелүү документтери менен кошо өткөрүп алсын.
6. Долоно Сервис ишканасынын иштөө шарттары төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жылына үч айылга 90 (токсон) камаз, 3 айылга 30(отуздан) камаз кум-шагыл төгүлсүн;
Жылына 100000 (жүз миң) сомдон үч жылга берилсин;
Айыл өкмөтүнө тиешелүү жумуштар кезексиз аткарылсын;
Тетиктер, дөңгөлөктөр ар кимдин өз мойнунда болсун;
Жылдын этегинде тиешелүү счетко төгүлүп берилсин;
2021-жылдын акыркы айлары үчүн 1 шайман алынып, Долоно Сервистин балансына кошулсун.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага |
Т.Абдышов |