Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-сентябры № 13
Кең Кол өзөнүндөгү шалба жерлерди тактоо жана 2022-жылдын жаз айларынан баштап айдоого тыюу салуу жөнүндө
Кең Кол өзөнүндөгү шалба жерлерди тактоо жана 2022-жылдын жаз айларынан баштап айдоого тыюу салуу боюнча карап талкуулап чыгып, Долоно айыл кеңеши токтом кылат:
1. Кең Кол өзөнүндөгү шалба жерлерди тактоо жана 2022-жылдын жаз айларынан баштап айдоого тыюу салуу боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:
Базарбаев Н.К.- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
Мамыров М.Б.- айылдык кеңештин депутаты
Рыскулов Н.Э.- айылдык кеңештин депутаты
Нургазы уулу Бекназар – айылдык кеңештин депутаты
Касымов Э.М. –айылдык кеңештин депутаты
Суюнтбеков Э.А.- жер адистин м.а.
Жумалиев Т.Ж.- жайыт комитетинин төрагасы
2. Шалба жерлерди айдоого 2022-жылдан баштап толугу менен тыюу салынсын.
3. Жогоруда бекитилген комиссия тарабынан жаз айларына чейин айыл тургундарына жана жер ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген жарандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага |
Т.Абдышов |