Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-ноябры № 17
Долоно айыл аймагынын, Ак-Жар айылында жайгашкан насостук станцияны Долоно айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылында жайгашкан насостук станцияны Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.10.1996-жылы чыккан Жарлыгынын негизинде Долоно айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу боюнча Долоно айыл кеңеши токтом кылат:
1. Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылындагы насостук станциясы “Северный” участогунун №1353 чөйрө сызыгында жайгашкан аянты 0.25 га, Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.10.1996-жылы чыккан Жарлыгынын негизинде Долоно айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага |
Т.Абдышов |