Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 1-сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 3
Айыл жергесиндеги малдардын жайылышына чектөө коюу жана айып пул салуу жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагында малдардын жайылышына чектөө коюу жана айып пул салуу боюнча Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго жарандардын ооз эки кайрылуулары болуп жаткандыгына байланыштуу кайрылуусун угуп, талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин XXXХ-сессиясынын 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Арал айылына тиешелүү болгон айдоо жерлерге жаз айынын 20-мартынан баштап күз айынын 1-ноябрына чейин мал жайганга тыюу салынат.
2. Кең-Арал айылына тиешелүү болгон айдоо жана жайыт жерлердеги айыл чарба өсүмдүктөрү, жашылча-жемиштер жана көп жылдык алма, бак-дарактарга кирип кеткен же зыян келтирген бодо малга(ири мүйүздүү, жылкылар) ар бир башына 1000(миң) сомдон же болбосо келтирилген чыгымга карата, кой-эчкиге келтирилген чыгымга карата айып пул салынсын.
3. Келтирилген чыгымды тактоо жагы айыл өкмөтүндөгү атайын түзүлгөн 7(жети) адамдан турган жер комиссиясына жүктөлсүн.
4. Комиссиянын жыйынтыгы менен чыгарылган чечимдер Аксакалдар сотунун кароосуна мыйзам чегинде чечим чыгаруу үчүн сунушталсын.
5. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Б. Токонов |