Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры № 1
“Акназаров айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинин территориясына курула турган кошумча корпуска өздүк салым берүү жөнүндө”.
Акназаров айылдык Кенешинин 32-чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылдын 24-декабрындагы кезексиз 4-сессиясы Э Дуйшеев атындагы орто мектебинин территориясына кошумча корпус куруу үчүн , протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылындагы Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинин территориясына кошумча корпус куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Акназаров айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин эсебинен айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Э.Дуйшеев атындагы орто мектебине кошумча корпус курууга өздүк салым үчүн 1,5 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Арыкбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |