Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык аймактык Кеңешинин 9-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги №7-сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 3
Аппарат кызматкерлерин ротациялоо жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызматчынын дараметин үнөмдүү пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, (реквизиттер) менен бекитилген (биринчи мамлекеттик орган) жөнүндө жобого, (реквизиттер) менен бекитилген (экинчи мамлекеттик орган) жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык токтом кылат
1. Шекер айыл өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызматчынын дараметин үнөмдүү пайдалануу максатында айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин жумуштарын ротациялоону Шекер айыл өкмөтүнө сунуш киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К.Э.Иманалиев |