Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 3 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине;
4. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексине;
5. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
бюджет – мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылык камсыз кылуу үчүн арналган акча каражаттарын түзүүнүн жана чыгашалоонун таризи;
бюджеттик насыя – кайтарып берүү, мөөнөттүүлүк жана акы төлөөчүлүк шарттарында бюджеттик каражаттарды алуучуга республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилүүчү акча каражаттары;
бюджеттик процесс – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелген бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана кароо, бюджеттерди бекитүү, тактоо жана аткаруу, эсеп алууну жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү, каржылык башкаруу жана контролдоо боюнча иш;
бюджеттик мекеме – бул иши тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу, башкаруучулук, социалдык-маданий, илимий-техникалык же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мекеме;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддору – жергиликтүү бюджеттер тарабынан каралбаган социалдык-экономикалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыктыярдуу төгүмдөрдүн негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн фонддор;
мамлекеттик (муниципалдык) баалуу кагаздар – Өкмөттүн (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) атынан бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы) тарабынан эмитенттелүүчү баалуу кагаздар;
грант – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдарына донорлор тарабынан берилүүчү акысыз каржылык же техникалык жардам, ошондой эле республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге акысыз жана кайтарымсыз берилген акча каражаттары (трансферттер);
зайым – белгилүү бир шарттарда Кыргыз Республикасынын резиденттерине насыялык макулдашуунун негизинде ички же чет өлкөлүк насыя берүүчүлөр тарабынан карызга берилүүчү акча каражаттары, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен алдыдагы мезгилге каралган максаттарга жетүү же карамагында болгон бюджеттик каражаттарды колдонуу менен максималдуу жыйынтыкка жетүү зарылчылыгына жараша бюджетти түзүү жана аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын ала каралган бардык кирешелерди жана чыгашаларды бюджетте милдеттүү түрдө жана толук көлөмдө чагылдыруу;
- кирешелерди белгилөө, түзүү жана аткаруунун бирдиктүү тартибин сактоону жана чыгаша милдеттемелерин жүзөгө ашырууну, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү жана бюджеттердин жана бюджеттик мекемелердин отчетун түзүүнү камсыз кылуу;
- Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясында жана Айыл аймагынын социалдык-экономикалык программасында аныкталган багыттарга ылайык бюджетти түзүү;
- бирдиктүү фискалдык саясатты жүргүзүү жана бюджеттик укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мурда кабыл алынган чечимдерди кармануу;
- бюджетти, Айыл аймагынын бюджеттик саясатына тийиштүү болгон башка маалыматты түзүүдө, кароодо, бекитүүдө, тактоодо, аткарууда жана аудит жүргүзүүдө маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
- бюджеттин алдын ала каралган чыгашаларынын көлөмү бюджеттин ресурстарынын кошунду көлөмүнө ылайык келе тургандай бюджеттин балансташуусун камсыз кылуу;
- бюджеттик мыйзамдар бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик принцибин камсыз кылуу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- жергиликтүү бюджеттин долбоорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалырынын долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет.
аткаруу жана колдоо функциялары
- айылдык кеңеш бекиткенден кийин жергиликтүү бюджеттин аткарылышын камсыз кылат;
- аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын аткарылышын камсыз кылат;
- жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду айылдык кеңештин кароосуна берет;
- жыл сайын аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын аткарылышы жөнүндө эл алдында отчет берет;
- айылдык кеңештин чечими боюнча муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашырат;
- айылдык кеңештин чечими боюнча бюджеттик ссуданы/насыяларды берүү/тартууну жүзөгө ашырат;
- бюджеттер аралык трансферлерди алуу зарылчылыгы жөнүндө бюджеттик табыштамаларды жана негиздемелерди даярдайт, алардын аткарылышы боюнча отчет, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча маалыматтарды берет;
- ушул каражаттарды алуучулар боюнча бюджеттер аралык трансферттердин максаттуу аткарылышынын натыйжалуулугун камсыз кылат;
- айылдык кеңеш менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча ишмердигин контролдоону жүзөгө ашырат;
- муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча белгилүү мезгилдеги отчетун карайт;
- жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.
8. Аламүдүн айылдык кеңештин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын кабыл алат;
- жергиликтүү бюджеттин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- муниципалдык карыздын акыркы көлөмүн жана аларга болгон өзгөртүүлөрдү кошуу менен жергиликтүү бюджетти бекитет;
- Бюджеттик кодекстин жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, бюджеттик ссудаларды жана максаттуу трансферттерди берүү/тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын ала каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилейт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угат жана анын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдары;
- аймактык салык органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү ушул маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.