Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 7 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине.
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына.
4. “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына.
5. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
жалпы пайдалануучу жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү, болуу) үчүн, коомчулук үчүн жеткиликтүү болгон жерлер;
жарыктандыруу – сутканын караңгы убагында көчөлөрдөгү оптикалык көрүнүштү жасалма жол менен жакшыртуу каражаты.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын калкынын жалпы пайдалануучу жерлерди сапаттуу жарыктандырууга болгон муктаждыктарын канааттандырууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун өнүктүрүү жана жакшыртуу;
- энергия үнөмдөөчү жана жаратылышты үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу;
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун оңдоп-түзөө жана күтүү.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун өнүктүрүү боюнча программалырдын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун өнүктүрүү боюнча программалырды аткарууну камсыз кылат;
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун долбоорлоо, куруу жана кайра куруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөө аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумунун жайлуулугу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
- көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө болгон муниципалдык заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
- көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканаларды түзөт;
- көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын уставдарын бекитет;
- көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын жетекчисин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумунун курулушун, күтүүнү жана оңдоп-түзөөнү каржылоону жүзөгө ашырат;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын чегинде көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын ишине контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун өнүктүрүүгө бөлүнгөн финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу колдонулушуна контролду контроль жүргүзөт;
- жалпы пайдалануучу жерлерди жарыктандыруу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышына контролду контроль жүргүзөт.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу тутумун өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Аламүдүн РЭТи;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология дана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү ушул маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.