Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 8 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине.
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
көрүстөн – каза болгон адамдарды көмүү үчүн жерди (аймакты) камтыган шаар курулуш комплекси же объектиси;
көрүстөндү ыңгайлаштыруу – көрүстөндү оңдоого жана кароого байланышкан иштердин комплекси;
сөөк коюу үчүн жер бөлүп берүү ченемдери – сөөк коюлуучу жер участокторунун өлчөмү;
сөөк коюу участогу – каза болгон адамды көмүү үчүн көрүстөндөн бөлүнгөн участок;
сөөк көмүлгөн жай – каза болгон адамдардын сөөгүн (калдыктарын) көмүү үчүн көрүстөндөр коюлган, ошондой эле өлгөн адамдарды көмүү үчүн арналган башка курулмалар орнотулган, этикалык, санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык бөлүнүп берилген жер участоктору;
расымдык кызматтарды көрсөтүү – сөөк коюуга, ошондой эле сөөк коюу багытындагы объектилердин курулушуна, реконструкциясына, ыңгайлаштыруусуна жана оңдоосуна байланышкан кайтарымсыз жана акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлгөн тейлөөлөр.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- калкка расымдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын калкынын ыңгайлуу сөөк коюу жайларындагы муктаждыктарын камсыз кылуу;
- расым кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруунун жалпы деңгээлин жогорулатуу;
- көрүстөндөрдү ыңгайлаштыруу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын калкына расымдык кызматтарды көрсөтүүнү өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча ар кандай жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде Сөөк коюуну уюштуруунун жана муниципалдык көрүстөндөрдү каржылоонун эрежелерин, Расым көрсөтүү иш-чараларын өткөрүүнүн эрежелерин иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айыл аймагынын калкына расымдык кызматтарды көрсөтүүнү өнүктүрүү программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
- сөөк коюучу жайларды, сөөк коюуга багытталган имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөө иш-аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
- Айыл аймагынын көрүстөндөрүн ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
- сөөк коюу үчүн жер бөлүп берүү ченемдерин иштеп чыгат жана бекитет;
- расымдык кызматтарды көрсөтүүгө муниципалдык заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
- расымдык кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык ишканаларды түзөт;
- расымдык кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын уставын бекитет;
- расымдык кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- Айыл аймагынын көрүстөндөрүн ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашырат;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде расымдык кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагынын калкына расымдык кызматтарды көрсөтүүнү өнүктүрүү программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- расымдык кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын ишмердигин контролдоону ишке ашырат;
- Айыл аймагынын калкына расымдык кызматтарды көрсөтүүнү өнүктүрүүгө бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт;
- калкка расымдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын калкына расымдык кызматтарды көрсөтүүнү өнүктүрүү программаларын бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде Сөөк коюуну уюштуруунун жана муниципалдык көрүстөндөрдү каржылоонун эрежелерин, Расымдык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары);
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.