Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 14 ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
китепкана – басма жана жазуу түрүндөгү документтердин, графикалык, аудиовизуалдык материалдардын, электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү документтердин фонду бар жана аталган материалдарды жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга берүүчү мекеме;
китепкана фонду – бири-бири менен уюштуруучулук жана функционалдык жактан байланышкан, калкты китепкана менен тейлөө максаттарында каттоого, комплекттөөгө, сактоого жана пайдаланууга тийиш болгон ар түрдүү багыттагы жана статустагы документтердин бир тартиптке келтирилген жыйындысы.
китепкана иши – маалыматтык, маданий-агартуу жана билим берүү ишинин бир тармагы, анын милдеттерине китепканалар тармагын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фондун иштеп чыгуу жана калыптандыруу, китепкана колдонуучуларын маалыматтык жана библиографиялык-маалымдоо жаатында тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды өнүктүрүүнү илимий жана усулдук камсыздоо;
документ – сактоо жана коомдук пайдалануу максатында убакыт жана мейкиндикте берүүгө араналган текст, жазылып алынган үн же сүрөт түрүндөгү маалыматты камтыган материалдык объект;
китеп эстеликтери – бийик руханий жана материалдык баалуулукка ээ болгон, өзгөчө тарыхый, илимий, маданий мааниси бар жана аларды каттоонун, сактоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген кол жазма китептер же басылмалар;
жалпыга жеткиликтүү китепкана – жаш курагына, жынысына, улутуна, тилине, билимине, тегине, материалдык жана кызматтык абалына, динге болгон мамилесине, көз карашына, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнө карабастан жеке жактарга, ошондой эле уюштуруу укуктук формаларына жана менчиктин формасына карабастан юридикалык жактарга китепкананын кызматтарын, өзүнүн жана башка маалыматтык ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүчү китепкана;
китепкананын колдонуучусу – китепкананын кызматтарын колдонуучу жеке жактар же юридикалык жактар;
адистештирилген китепкана - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды тейлөөчү жана Брайль шрифти менен, чоңойтулган шрифт менен терилген, ар түрдүү маалымат алып жүрүүчүлөрдө топтолгон, анын ичинде электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү документтерди берүүчү китепкана;
электрондук китепкана – ар түрдүү электрондук документтердин топтомун сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу, тутумдун өзүндө жайгаштырылган жана телекоммуникациялык тармактар аркылуу жеткиликтүү болгон маалыматтык тутум;
электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик формада берилген документ.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттери
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айылдык аймакта китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- калкты китепкана кызматтары менен тейлөөнү уюштуруу;
- муниципалдык китепканаларга кам көрүү;
- китепканалардын китеп фондунун комплекттөөсүн жана сакталышын камсыз кылуу.
III. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айылдык аймакта китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун Айылдык кеңеште бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана аталган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна жиберет.
аткаруу жана колдоо функциялары
- китепкана фондун топтоону максаттуу каржылоону ишке ашырат;
- Айыл аймагында китепкана фондун сактоону жана мезгилдүү басылмаларга жазылууну камсыз кылат;
- китепканалык тейлөөгө болгон жарандардын укугун ишке ашырууну камсыз кылат;
- аймактык жана жергиликтүү китепкана ишин өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылат;
- китепкана ишинде заманбап маалымат жана телекоммуникация инфратүзүмүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагында китепкана фондун сактоо жана өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышын контолдойт;
- муниципалдык китепканлардын ишин контролдойт;
- муниципалдык китепканаларга бөлүнүүчү финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
- Айыл аймагында китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт.
Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймакта китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык органдары;
- Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.