Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 16 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айылаймагында “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
8. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
жарнак - адамдардын белгиленбеген чөйрөсү үчүн арналган, ошол жеке жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана саамалыктарга карата кызыкчылыкты калыптандырууга же колдоого, ошондой эле товарларды, идеяларды жана саамалыктарды ишке ашырууга көмөк берүүгө чакырылган, жеке же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана саамалыктар жөнүндө ар кандай каражаттардын жардамы менен, кандай та-
ризде болсун таратылуучу маалымат (жарнактык маалымат).
талаптагыдай эмес жарнак - мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна жана ыкмасына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузулушуна жол берилген жазгырмалуу, анык эмес, этикага жат, көз көрүнөө жалган жана башка жарнак;
каршы жарнак - талаптагыдай эмес жарнакты, андан улам келип чыккан кесепеттерди жоюу максатында таратылган төгүндөө;
жарнак берүүчү - жарнакты чыгаруу, жайгаштыруу, кийин таратуу үчүн жарнактык маалыматтын булагы болуп саналган жеке жана юридикалык жактар;
жарнак чыгаруучу - жарнактык маалыматты таратуу үчүн толук же жарым-жартылай даяр түргө келтирүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
жарнак таратуучу - мүлктү, анын ичинде радио берүүнүн, теле берүүнүн техникалык каражаттарын, ошондой эле байланыш каналдарын, обого чыгуу убактысын берүү жана (же) пайдалануу жолу менен же башка ыкмалар менен жарнактык маалыматты жайгаштырууну жана (же) таратууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
жарнакты керектөөчүлөр - жарнак маалымдалган же маалымдалышы мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактар, анын натыйжасында аларга жарнак тийиштүү таасир этет же таасир этиши мүмкүн;
жарнак акциялары - керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу максатында жарнактоонун ар түрдүү тариздерин, каражаттарын жана ыкмаларын пайдалануу менен жарнактала турган продукцияларды бекер таратып берүү же сатуу менен коштолгон акциялар;
жарнак аянты - жарнакты жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, ободогу убакыт, басма аянты жана башка каражаттар;
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттери
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагындажарнакты жайгаштырууну натыйжалуу жөнгө салууну камсыз кылууга;
- Аламүдүн айыл аймагынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоого.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- тышкы жарнакты, тышкы жарнак каражаттарын жайгаштырууну жана анын мазмунун контролдоочу жана башкаруучу органды түзүү;
- тышкы жарнак каражаттарын колдонуунун талаптарын жана жайгаштыруу эрежелерин белгилөө;
- тышкы жарнакты жайгаштыруу үчүн уруксат документтерин берүү тартибин жана шарттарын аныктоо.
III. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айылдык кеңеште бекитүү үчүн Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- Айыл аймагында тышкы жарнактарды жана тышкы жарнак каражаттарын жайгаштыруунун жана кармоонун тартибин иштеп чыгат;
- тышкы жарнактарды жайгаштуруу үчүн уруксат документтерин берүүнүн тартибин жана шарттарын иштеп чыгат;
- тышкы жарнак чөйрөсүндөгү муниципалдык саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айыл аймагында жайгаштырылган тышкы жарнак каражаттарынын реестрин жүргүзөт;
- тышкы жарнактарды жайгаштырууга уруксат документтерин берет, уруксат алуу үчүн тапшырылган документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн текшерүүнү ишке ашырат;
- социалдык маанилүү муниципалдык долбоорлор тууралуу маселелер боюнча муниципалдык кызматтар жана айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүктөрү, жарнак берүүчүлөр жана жарнак таратуучулар менен өз ара аракеттенишет, Айыл аймагында тышкы жарнактарды жайгаштыруунун тенденцияларын жана келечектеги өнүгүү багыттарын аныктайт;
- тышкы жарнактын жана тышкы жарнак каражаттарынын менчик ээлерине аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө билдирүү жиберет;
- тышкы жарнактын менчик ээлери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жарнактарды жайгаштыруу маселелерин макулдашат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- тышкы жарнактардын жана тышкы жарнак каражаттарынын абалын контролдойт;
- Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча программалардын аткарылышын конролдойт;
- тышкы жарнактарды жана тышкы жарнак каражаттарын жайгаштырууну жана алардын мазмунун контролдоо жана башкаруу органынын ишин контролдойт;
- ушул жергиликтүү маанидеги маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
- Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча программалардын долбоорлорун бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- Айыл аймагында тышкы жарнактарды жана тышкы жарнак каражаттарын жайгаштыруунун жана кармоонун тартибин бекитет;
- тышкы жарнактарды жайгаштуруу үчүн уруксат документтерин берүүнүн тартибин жана шарттарын бекитет;
- тышкы жарнак чөйрөсүндөгү муниципалдык саясаттын негизги багыттарын бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгы);
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.