Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 23 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине;
4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
кайра социалдаштыруу - соттолгондордун жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чарасын өтөгөндөн кийин коомго оң интеграциялоого түрткү берүүчү зарыл социалдык байланыштарды калыбына келтирүү процесси;
соттолгондорду түзөтүү - жасаган ишине өкүнүүгө жана мыйзамды сыйлаган жүрүш-турушка дем берүүгө, адамга, коомго урмат-сый менен мамиле кылууга жана адамдык коомдун ченемдеринин талаптарын сактоого негизденген алардын жүрүш-турушун социалдык-позитивдүү өзгөртүү;
пробация - бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана соттолгондорду түзөөгө, укук бузууларды жасоосунун алдын алууга, социалдык көмөк көрсөтүүгө жана аларга карата кайра социалдаштыруу чараларын көрүүгө багытталган жеке социалдык-укуктук программаларга алардын катышуусунда соттолгондорго карата мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир этүү чараларынын комплексин колдонууну ишке ашыруучу мамлекеттин социалдык-укуктук институту;
пробация органы - коомдон обочолонтуу жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары менен байланышпаган жаза жазаларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган, жазаны аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү социалдык-укуктук иш-милдеттерди аткаруу менен жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
пробациялык көзөмөл - соттолгондорго сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын жана пробациялык милдеттердин мыйзамдарга ылайык аткарылышын контролдоону ишке ашыруу боюнча пробация органынын иши;
социалдык көмөк көрсөтүү - социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программаларынын негизинде пробациянын кардарлары оор турмуштук кырдаалдан арылуусуна багытталган чаралардын комплекси;
социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы - пробация органы тарабынан түзүлүүчү пробациянын кардарынын инсандыгын жана керектөөлөрүн иликтөөгө негизделген социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программасы;
пробация тутуму - пробациянын милдеттерин аткарууга жана максаттарына жетишүүгө тартылган пробация органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун жыйындысы;
оор турмуштук кырдаал - адамдын алардын кесепеттеринен өз алдынча арыла албаган укук бузууларды жасоонун себептери жана шарттары болуп саналган объективдүү жана жеке кырдаалдардын жыйындысы;
пробациянын кардары - пробациянын кардарлары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) соттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген адамдар:
а) коомдук иштер;
б) белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу;
в) түзөтүү иштери;
г) эркиндигин чектөө;
д) балдарга карата тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары жана эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө;
е) пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотуу;
ж) жаш балдары бар соттолгондорду жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу менен кылмыш жазасынан бошотуу;
2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар жана көзөмөлдө тургандар;
3) соттун чечими менен укук бузуулар үчүн жаза чаралары колдонулгандар;
4) пробациянын кардарлары болуп ошондой эле аларга карата социалдык изилдөө жүзөгө ашырылган төмөнкүдөй адамдар саналат:
а) аларга карата сот тарабынан пробациялык баяндаманы даярдоо белгиленген айыпталуучулар;
б) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулууга тийиш болгон соттолгондор;
жаза аткаруу мыйзамдары - жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун (өтөөнүн) процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелерди түздөн-түз жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазалар колдонулган соттолгон адамдарды түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө;
- жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды аткарууда адам укуктарын коргоого.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда пробация органдарына көмөк көрсөтүү;
- пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү;
- пробациялык көзөмөл белгиленген адамга карата пробациялык орган тарабынан иштелип чыккан жеке программага ылайык социалдык-укуктук жана башка жардам көрсөтүү;
- пробация кардарлары үчүн реабилитациялык борборлордун (социалдык жатаканалардын) ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу боюнча иш-чараларды каржылоо.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча программаларды аткарууну камсыз кылат;
- пробация кардарлары үчүн реабилитациялык борборлордун (социалдык жатаканалардын) ишин уюштурат жана камсыз кылат;
- эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарды эмгек жана тиричилик жактан камсыз кылууда пробация органдарына көмөк көрсөтөт;
- пробация органдары менен коомдук жумуштарды аткаруу объектилерин макулдашат;
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүү боюнча иш-чараларды каржылайт;
- пробациялык көзөмөл белгиленген адамга карата пробациялык орган тарабынан иштелип чыккан жеке программага ылайык социалдык-укуктук жана башка жардам көрсөтүүнү уюштурат;
- соттолгондор жана башка адамдар тарабынан кылмыш жасоонун алдын алуу боюнча программаларды ишке ашырат;
- кабыл алынган программалардын таасирдүүлүүгүнө жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону ишке ашырат (кылмышка баруунун төмөндөшү, социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программаларына тартылгандардын саны, түзүлгөн жана иштеп жаткан реабилитациялык борборлордун (социалдык жатаканалардын) саны ж.б.);
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
- өз аймагындагы пробациянын кардарлары жөнүндө маалыматарды каттоону жүргүзөт;
- пробациянын милдеттерин аткарууга жана максаттарына жетүүгө тартылган субъектилердин ведомстволор аралык координациясына жана өз ара аракеттенүүлөрүнө көмөк көрсөтөт;
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;
- өзүнүн сайтына эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды жарыялайт
- турмуштук оор абалдагы адамдардын маалымат базасын түзөт;
- калк арасында пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча программалардын долбоорлорун бекитет;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселелени ишке ашыруу боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча бирдиктүү саясатты бекитет;
- эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча программаларды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен каражат караштырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды уюштурууда жана аткарууда, ошондой эле пробация кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу боюнча маселелерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтүү боюнча чараларды аткарууну контролдойт;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- пробация органдары;
- Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык органдары;
- укук коргоо органдары.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына
ылайык социалдык жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.