Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-июну № 5
Көк-Ой айылдык аймактык кенешинин депутаттары №9 чакырылышынын 5- кенешмесинин токтому.
Көк-Ой айылдык аймактык кенешинин №9 чакырылышынын депутаттарынын 5- кенешмеси токтом кылат:
1. Көк-Ой айыл кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын иш планы кийинки сессияда каралсын.
2. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу жаштар үчүн курулуп жаткан “Спорт комплекс” боюнча маселени айылдын тургуну Кушчубаев Чолпон Амановичтин маалыматты кийинки сессияда каралсын.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу Т.Кушчубаева атындагы Көк-Ой орто мектебинин.К.Момункулов атындагы Таш-Төбө орто мектебинин директорлору ошондой эле бала бакчанын “Тай-Күлүк” “Асель” бала бакчасынын башчыларынын 5-айдын ичинде аткарылган иштери канааттандырылсын.
4. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу болгон муниципалдык коммуналдык кызмат уюмунун өз алдынча каражат табуу максактында жана ишин жандандыруу боюнча пескоблок, станогуна акча каражат жетишпегенине байланыштуу 2022-жылга каралсын.
5. Айыл өкмөтунүн балансындагы камаз автоунасынын эскилиги жетип, ремонтко каражат коп талап кылгандыгына байланыштуу , мыйзамдын негизинде тиешелүү документтер даярдалып аукцион өткөрүлсун.
6. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Мурат Шамильге тапшырылсын.
Көк-Ой айылдык кенешинин төрагасы | К.Джусупбеков |