Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-июну № 6
Көк-Ой айылдык аймактык кенешинин депутаттары №9 чакырылышынын 6- кенешмесинин токтому.
Көк-Ой айылдык аймактык кенешинин депутаттары №9 чакырылышынын 6- кенешмесинин токтому токтом кылат:
№9 чакырылыштынын депутаттарынын № 6 кезектеги сессиянын отуруму
1. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу жаштар үчүн курулуп жаткан “Спорт колмплексине кошумча акча каражат 620,0 мин. сом каралсын.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Өй АВП -3 дыйкандарды суу менен камсыз кылуу максатында айылдык кенештин депутаттары көпчүлүгүнүн сунушун негизинде эсебинен атайын комиссия түзүлүп аткарылган иштери боюнча маалымат берилсин.
3. Көк-Өй айыл өкмөтүнө караштуу күн батыш тарабындагы тоо этегиндеги Үч-Дөбө сарайынан баштап, Бөлөк –Дөбөнүн сарайына чейин, малчыларды жарык менен камсыз кылуу максатында Талас райондук РЭСке кат жүзундө кайрылып мыйзамдын негизинде тиешелүү документтерди даярдоо иретинде Көк-Ой айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси- Керимкулов Серик Сабырбековичке тапшырылсын жана жоопкерчилик Көк-Өй айыл өкмөтүнүн башчысы Шамиль Муратка милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Мурат Шамильге тапшырылсын.
Көк-Ой айылдык кенешинин төрагасы | К.Джусупбеков |