Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-июлу № 7
Көк-Ой айылдык аймактык кенешинин депутаттары №9 чакырылышынын 7- кенешмесинин токтому.
Көк-Ой айылдык Кеңешинин депутаттардын 9- чакырылышынын жетинчи сессиясы токтом кылат:
№9 чакырылыштынын депутаттарынын № 7 кезектеги сессиянын отуруму
1. Көк-Ой айыл кенешинин депутаты- мураб Дилдебаев Али Абдылдаканович Көк-Ой АВП-3 караштуу эксковатор менен “Жолболду” каналынын ремонт иштерин башталганына байланыштуу иш тоолугу менен бүткөрүү максатында 170.000 сом акча каражаты бюджеттин эсебинен каралсын.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Өй АВП -3 дыйкандарды суу менен камсыз кылуу үчүн Көк-Ой АВП -3 директору Кокумов Болот Султанбекович дыйкандарды суу менен камсыз кылуу иретинде сунуш киргизди, Көк-Ой айылы менен чегарасы чектеш Манас районунун Нылды айылынын башынан сууну үнөмдөп, бөлүштүрүү жана алынган сууну туура бөлүп алуу максатында шлюз орнотуу керектигин эске алып, кошумча акча каражат 130.000сом бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Өй АВП -3 дыйкандарды суу менен камсыз кылуу боюнча атайын комиссия түзүлүп аткарылган иштери боюнча маалымат алынсын. (жооптуу туруктуу комиссиянын депутаттары)
4. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы жана жоопкерчилик Көк-Өй айыл өкмөтүнүн башчысы Шамиль Муратка милдеттендирилсин.
Көк-Ой айылдык кенешинин төрагасы | К.Джусупбеков |