Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айыл аймактык Кенешинин VII- чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 12-марты № 1
Калба айыл аймагынын 2021-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Калба айыл аймагынын 2021-жылдын бюджетин бекитүү максатында Калба айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 9338.0 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 9338,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Калба айылдык аймагынын 2021-жылдагы киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык салыктардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Калба айылдык аймагынын 2021-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык чыгаша бөлүктөрдөн турары белгиленип бекитилсин.
4. Калба айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетинин доолбоору 9350.0 мин сом өлчөмүндө, 2023-жылдын бюджетинин долбоору 9350.0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. "Кыргыл Республикасынын 2021-жылга рсспубликалык бюджети жана 2022-2023- жылдарга болжолу жөңүндө" КР Мыйзамынын негизинде Калба айыл аймагынын бюджетине
1) салык агенттери тарабынаи төлөнгөн киреше салыгы 100 пайыз өлчөмүндө калба айыл аймагынын бюджетине түшүүсү белгиленсин
2) ыктыярдуу патенттин негизиидеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык айыл аймагынын бюджетине түшүүсү белгиленсин
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунайзат. газ) кошпогондо- кендерди ишгеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө
4) жер казынасын найдалануу укугун берүүү үчүн жыйым-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймактын бюджетине 7 пайыз өлчөмүндө
5) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күлүтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жсри боюнча айыл аймагынын бюджетине 20 пайыз өлчөмүнө белгиленсин
6. Калба айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен билим берүү жана маданият тармагына №3,№4-тиркеменин негизинде бекитилип берилсин.
7. Калба айылдык аймагынын 2021-жылга өздүк киреше эсебинен жалпы киреше булагынан 1% өлчөмүндө б.а 93,3 мин сом резеврдик фондко №5тиркеменин негизинде бөлүнүп бекитилсин.
8. 2021-жылга финасылык активдер боюнча сметанын негизинде бекитилсин.
9. Калба айыл аймагынын мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына чыгымдарына зарыл болгон учурда, бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, чейректен чейрекке жана статьядан статьяга жылдыруу жагы айыл аймактык финансы бөлүмө жүктөлсүн. Акча каражатын жылдыруу Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 30-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
10. Калба айыл өкмөтүнүн кеңсесине, иш бөлмөлөрүнө видое көзөмөл коюу иш чаралары аткарылсын.
11. Калба айыл аймагынын жардамга муктаж үй-бүлөлөргө социалдык коргоо тармагына атайын эсеп (лицевой счет) ачылсын.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрагаганын орун басары | Б.Ажыибраимов |