Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айылдык Кенешинин VIII- чакырылышынын I-уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын токтому
2021-жылдын 15-майы № 1
Калба айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышы I-уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Калба айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышы I-уюштуруу сессиясындагы Кеңешитин төрөгасын шайлоо боюнча жүргүзүлгөн добуштун жыйынтыгынын негизинде Калба айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрөгалыгына Сатыбек уулу Максат бекитилсин.
2. Калба айылдык Кеңешинин төрөгасынын орун басарлыгына Кожомкул уулу Бакай бекитилсин.
Чогулуштун төрайымы: | К.Аязбекова |
15-майы 2021-жыл
Калба айылдык Кенешинин VIII- чакырылышынын I-уюштуруу сессиясынын
№ ПРОТОКОЛУУ
Шайланган депутаттардын саны: - 21
Катышкан депутаттардын саны: - 21
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
1. Калба айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо.
Депутаттардын эң улуусу Аязбекова Кенже сессияны ачып, өзун тааныштырып, куттуктоо сөзүн айтып айылдык Кеңештин жаңы шайланган депутаттарын ынтымакка чакырып, айылдын ар кандай көйгөйлөрүн биргелешип чечипберүүгө чакырды.
Айылдык Кеңештин төрагасыначык же жабык добушка коюуну сунуштады. Көпчүлүктүн макулдугу менен төраганы шайлоо ачык добуш берүүнү жактырды
Угулду: Кадырбек уулу Эрнис- Калба айыл өкмөтүнүн башчысы 7 чакырылыштын -учурунда аткарылган иштер менен тааныштырып өттү.
Угулду: Кадырбек уулу Эрнис жана Сатыбек уулу Максатты төрагалык кызматка сунушталды.
Угулду: Асымбаев Б мурунку депутаттарга ыраазычылык айтып өттү.
Угулду: Орун басарлыкка Кожомкул уулу Бакайжана Аязбекова Кенже эжекени сунушташты.Добушка коюлуп бир добуштан Кожомку уулу Бакайды көрсөтулдү. Чогулуштун жыйынтыгында райондук шайлоо комиссиясынын катчысы Кыдыргычева Айнура Сөз алып мандат алган депутаттарды куттуктап өттү.
Угулду: Р.Алыбаев токтом менен баардык айылдык Кеңештин жаңы шайланган депутаттары менен тааныштырды.
Калба айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 1-уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Калба айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын 1-уюштуруу сессиясындагы Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жүргүзүлгөн добуштун жыйынтыгынын негизинде Калба айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төралыгына Сатыбек уулу Максатты талапкерлиги 11 добуш менен өттүү.
2. Калба айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кожомкул уулу Бакай көрсөтүдү.
Чогулуштун төрайымы: | К.Д.Аязбекова |