Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айыл аймактык Кенешинин VIII- чакырылышынын III -сессиясы
2021-жылдын 30-июну № 9
“Калба айыл аймагындагы тиешелүү көчөлөрдү жарыктандыруу” жөнүндө
Калба айыл аймагындагы тиешелүү көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн ОсОО БМВ-Сервмс фирмасы менен акылдашып фирманын эсебинен 170,0 миң сомдук смета түзүлүп 2020-жылдын декабрь айында “кабыл алуу жана өткөрүү” актысы түзүлгөн.Убагында порталдан өтпөй, акча каражаты которулбай калгандыгына байланыштуу токтом кылам:
1. 2021-жылга бюджетти бекитүүдө каралган ылайыктуу чыгаша булактарынан азайтып,тиешелүү статьяга коюлуп дебитордук карыз которулсун.
2. 2020-жыл үчүн фирмага ОсОО БМВ-Сервис 170,0 сом акча каражаты,түзүлгөн сметасы текшерилип 2021-жылга каралган бюджеттин эсебинен которулуп берилсин.
3. Акча каражатын өз убагында бөлүп берүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Солтонгелдиевага жүктөлсүн.
4. Буйруктун аткарылышын кеңештин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |