Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айылдык Кенешинин VIII - чакырылышы V –сессиясы
2021-жылдын 5-октябры № 16
Калба айыл аймагында элдик демилге менен курулуп баштаган бала бакчанын курулушуна коюлган 905 000 мин сом акча каражаттын Кенештин чечими менен жокко чыгаруу жөнүндө
Калба айыл аймагынын Калба айылдык Кенешинин 2021- жылдан 12-мартындагы сессиясында каралган Калба айылындагы курулуп жаткан бала бакчага бөлүнгөн 905 000 мин сом акча каражаттын жокко чыгаруу максатында Калба айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Балбал айылындагы таза суунун башына хлоратор куруу максатында 840 000 мин сом акча каражаты бөлүнүп 3111 статьяга отургузулсун .
2. Калган 65 000 мин сом акча каражаты 2215статья (ар кандай чыгымдарга) жумшалсын.
3. 3111 статьяда турган 300 000 мин сом акча каражатынын 200 000 мин сому М.Козубекова орто мектебине көмүркана курууга жумшалсын.
4. Калган 100 000 мин сом акча каражатын 2215с(ар кандай чыгымдарга) жумшалсын .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айылдык Кенешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | Сатыбек уулу Максат |