Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айылдык Кенешинин VIII - чакырылышынын V – сессиясы
2021-жылдын 5-октябры № 22
Калба айыл аймагындагы Бал-Бал айылына караштуу Чолок жана Коо ички каналын куруу жөнүндө
Калба айылдык кеңеши күн тартибиндеги, Калба айыл аймагындагы Бал-Бал айылына караштуу Чолок жана Коо ички каналын куруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагынын Бал-Бал айылына караштуу Чолок жана Коо ички каналдарынын эскилиги жетип, дыйкандардын сугат иштеринде фильтрациянын 70-75 пайыз жогорулап кеткендигине байланыштуу жаңы ички каналдардын курулуу жагынын сметасы түзүлүп проектиси өткөрүлсүн.
2. А.Огонбаев айылындагы маданият үйүнө көп жылдан бери оңдоо түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу, учурда капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж болгондугуна байланыштуу, оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык долбоору даярдалсын.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорго керектелүүчү Чолок каналына 6 271 600 (алты миллион эки жүз жетимиш бир миң) сом, Коо каналына 3 800 000 (үч миллион сегиз жүз миң) сом, А.Огонбаев айылындагы маданият үйүнө 2 800 000 (эки миллион сегиз жүз мин) сом акча каражаты Талас райондук “Өнүгүү” фондунан суралсын.
4. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |