Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айылдык Кенешинин VIII - чакырылышынын VI – сессиясы
2021-жылдын 16-ноябры № 25
Калба айыл аймагындагы айылдарга мал союучу жай куруу жөнүндө
Калба айыл аймагындагы айылдарга мал союучу жай куруу боюнча маселени талкуулап чыгып Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагындагы айылдарга мал союучу жай куруу үчүн сметасы түзүлүп проектиси өткөрүлсүн.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорго керектелүүчү акча каражаты Талас райондук “Өнүгүү” фондунан суралсын.
3. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |