Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 2-сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 9
Компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акыга үстөк төлөм белгилөө жөнүндө
Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегиндеги 42 пунктунун 17 пунктчасына ылайык “компьютер менен иштөө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27- апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмге шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү” жөнүндөгү токтомуна ылайык депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин XXXХ-чакырылышынын 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча санитардык эпидемиологиялык департаментинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы №347 сандуу электромагниттик нурлануунун жана чуу көлөмүн өлчөө протоколунда көрсөтүлгөн Кең-Арал айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин эмгек акысына 30 % пайыздан жогору эмес өлчөмдө үстөктөр белгиленип 2022-жылдын январь айынан баштап эсептөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токонов |