Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-январы № 1
“Бакай-Ата айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо” жөнүндө.
Жогоруда белгиленип өткөн Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кенешинин 2022-жылдын 12- январындагы 1-кезксиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 385 000 (Үч жүз сексен беш мин) сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Бакай-Ата айыл окмотунун турак-жай бөлүмүнө 385 000,0 сом болунсун.
Анын ичинен:
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн “Лесмаг” участкасындагы скважинага суу насосун алууга – 120 000,0 сом.
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн “УОС” участкасындагы скважинага суу насосун алууга – 235 000,0 сом.
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кочолорун жарыктандырууга таймерлерди алууга – 30 000,0 сом.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Атантаев |