Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-январы № 2
“Коомдук транспортунун иштөө мөөнөтүн узартууга акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө.
Бакай-Ата жана Наматбек айылдарына коомдук транспортунун иштөө мөөнөтүн узартууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы Лениполь айылдык кеңешинде каралып, Ленинполь айылдык Кенешинин 2022-жылдын 12- январындагы 1-кезксиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата жана Наматбек айылдарына коомдук транспортунун иштөө мөөнөтүн 31.12.2022-жылга чейин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 420.000 ( төрт жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Атантаев |