Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-январы № 4
“ Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебине Мамбеталиев Курманбек Оруналиевичтин ысымын ыйгаруу” жөнүндө.
Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебине Мамбеталиев Курманбек Оруналиевичтин ысымын ыйгаруу боюнча мектептин мугалимдер жамаатынын сунушу жана Бакай-Ата айылынын жашоочуларынын кайрылуулары Ленинполь айылдык кеңешинин сессиясында каралып, Ленинполь айылдык Кенешинин 2022-жылдын 12-январындагы 1-кезксиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебине Мамбеталиев Курманбек Оруналиевичтин ысымы ыйгаруу сунушталсын.
2. Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебине Мамбеталиев Курманбек Оруналиевичтин ысымын ыйгаруу боюнча сунуш Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жолдонсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Атантаев |