Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-декабры № 1
“ Бакай-Ата айыл аймагындагы «Баратбай Жунусов» атындагы мектептин айнек жана эшиктерин алмаштырууга үлүштүк дем берүүчү грантка Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.047. 244 (бир миллион кырк жети миң эки жүз кырк төрт) сом 2021-жылдын жыйынтыгы менен кирешеден ашкан (превышения) акча каражатынан карап берүү” жөнүндө.
Бакай-Ата айыл аймагындагы «Баратбай Жунусов» атындагы орто мектептин айнек жана эшиктерин алмаштырууга үлүштук дем берүүчү грантка Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.047. 244 (бир миллион кырк жети миң эки жүз кырк төрт) сом 2021-жылдын жыйынтыгы менен кирешеден ашкан (превышения) акча каражатынан карап берүү максатында Ленинполь айылдык Кенешинин 2021-жылдын 14-декабрындагы 10-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагындагы «Баратбай Жунусов» атындагы мектептин айнек жана эшиктерин алмаштырууга үлүштүк дем берүүчү грантка Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.047. 244 (бир миллион кырк жети миң эки жүз кырк төрт) сом 2021- жылдын жыйынтыгы менен кирешеден ашкан ( превышения) акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Атантаев |