Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-декабры № 4
“ Бакай-Ата айылына мөмө-жемиш кургатуучу цех ачуу” жөнүндө .
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддордун түзүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү жобонун негизин карап,Талас облусунун өкүктүрүү фонддусунан бөлүүнүчү акча каражатына Бакай-Ата айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын 2021-жылдын 25-октябрында жалпы чогулуштун чечиминин негизинде максаттуу жумшоо багытында Ленинполь айылдык Кеңешинин 2021- жылдын 14-декабрындагы 10-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагына Талас облусунун өнүктутүү фондусу тарабынан 3.200.000 (үч миллион эки жүз миң) сомго мөмө-жемиш кургатуучу цех ачууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл окмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Атантаев |